Новости

Стажерлордун бүтүрүү кечеси

Ош МУнун демилгеси жана БУУнун Адам укутары боюнча Жогорку Комиссарынын Борбордук Азиядагы аймактык бөлүмүнүн коолдоосу менен алты айлык акы төлөнүүчү стажировка программасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облусттарынын жогорку окуу жайлары менен колледждердин бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарын тутумуна аралашып, баа жеткис тажрыйба топтоо, тутумду ичинен изилдеп, кесипкөй мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден насаат алуу менен карьера жасоо жолдорун өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында ачылган. Программа 2017- жылдын август айынан баштап Карьера борбору тарабынан жарыяланып ишке киришкен. Жалпы жарыя боюнча 100гө жакын талапнаамалар түшкүн анын ичинен 17-ноябрь күнү аңгемелешүүнүн жыйынтыгында 30 талапкер тандалып алынган. Программанын планы боюнча 30 орун берилген. 2017-жылдын декабрь айынан баштап талапкерлер өздөрү тандаган Ош шаардык Мэриясынын алдындагы: муниципалдык менчик башкармалыгына, экономика бөлүмүнө, социалдык өнүгүү жана тышкы байланыштар бөлүмүнө КРнын МККнын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн аппаратына Ош шаардык прокуратурасына Ички иштер министрлигинин ош облусттук башкармалыгына Баткен областынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратына Жалал- Абад шаарынын мэриясына Алай жана Чоң Алай районун айыл өкмөттөрүндө, Кара-Суу районунун Мады, Нариман, Төлөйкөн айыл өкмөттөрүнө Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдардын укугун коргоо боюнча бөлүмдөрүнө жайгашыштырылган. Праграмманын алгагында стажерлорго мамлекеттик башкаруу жаатында БУУнун алдыңкы эксперттери тарабынан стратегиялык пландоо маселелери, мамлекеттик саясаттарды жана программаларды иштеп чыгуу прооцесстери боюнча ай сайын 3кундук тренингтер уюштурулуп, кеп кеңеш берүү программалары аркылуу кеңири билим алуу мүмкүнчүлүгүн берилди. Андан сырткары Ош МУ тарабынан "Мамлекеттик башкаруу жана саясат " деген темада 6 сааттык лекция өткөрүлүп мамлекеттик башкаруу боюнча кеңири маалымат берилди. Ай сайын стражерлордун иштеген мекемелерине Карьера борбору тарабынан мониторингдер жүргүзүлүп турду. Стажировка учурунда стажерлор мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тутумуна кирүү үчүн сынактар менен аңгемелешүүлөрдөн ийгиликтүү өтүү үчүн теориялык жана практикалык көндүмдөргө ээ болушту, жыйынтыгында 12 стажер конкурстук сыноолордон ийгиликтүү өтүп жарыяланган бош орундарга жумушка жайгашышты. Калган 15 стажер учурда жарыяланган бош орундар үчүн конкурска катышууга даярдык көрүшүүдө.
3324 13:32 04-06-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|