Объявления

Ош МУнун базасында “Бош орундар жарманкеси” өткөрүлөт.

Ош Мамлекеттик университетининин базасында Эл аралык ИНТРАК борбору жана Ош шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы менен биргеликте 2017-жылдын 25-октябрь күнү “Бош орундар жарманкеси” өткөрүлөт. Бул иш чарага Ош шаарынын алдыңкы мекеме ишканаларынын, бизнес түзүмдөрүнүн, эл аралык уюмдарынын, жогорку жана орто окуу жайларынын, кесиптик техникалык лицейлердин жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө. Жарманкеде 2500 дөн ашуун бош орундар сунушталат.
Жарманкени өткөрүүнүн максаты - жумуш берүүчүлөргө адис менен камсыздалуу маселесине көмөктөшүү, жумуш изилдөөчүлөргө ылайыктуу иш орундарын сунуштоо, окуу жайлардын жумуш берүүчүлөр менен байланышын күчөтүү.
Жалпы Ош МУнун бүтүрүүчүлөрүн, иш издөөчүлөрдү жана 2017-2018-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүн чакырабыз!
3565 14:19 10-10-2017

                 

Объявления

|< 1 >|