Объявления

КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарында стажировкадан өтүүгө катышуу үчүн конкурс.

Ош мамлекеттик университетинин демилгеси жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын Борбордук Азиядагы Аймактык бөлүмүнүн колдоосу менен ишке ашырыла турган алты айлык акы төлөнүүчү Стажировкалар программасы уникалдуу Программа болуп саналат. Ал Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жогорку окуу жайлары менен колледждеринин бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтардын тутумуна аралашып, баа жеткис тажрыйба топтоого, тутумду ичинен изилдеп, кесипкөй мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден насаат алуу менен карьера жасоо жолдорун өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Стажировкалар программасына катышу мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат тутумуна кирүү үчүн сынактар менен аңгемелешүүлөрдөн ийгиликтүү өтүү үчүн теориялык да, практикалык да көндүмдөргө ээ болууга шарт түзөт.
Программага кимдер катыша алат:
Стажировкалар программасына Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жогорку окуу жайларынын жана колледждеринин бүтүрүүчүлөрү жынысына, жаш курагына жана этностук таандыгына карабастан катыша алышат.
Программанын катышуучуларын тандап алуу критерийлери:
- академиялык жетишүүсү жакшы деңгээлде болушу
- аналитикалык көндүмдөрү
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат тутумуна кирүүгө өтө кызыкдар болушу
- көзгө көрүнгөн лидердик сапаттарга ээ болушу
- командага аралашып иштей алышы
- жоопкерчиликтүү болушу
- Жеке компьютерде мыкты иштей алышы
Стажировкадан өтүү мезгили:
Стажировка алгач башталган күндөн тартып алты айга чейин уланат.
Чыгымдарды төлөө:
Программа стажерлордун стажировкадан өтүү мезгилиндеги бардык турак-жай, тамак-аш жана транспорттук чыгымдарын төлөп берет.
Арыздарды берүү жол-жобосу:
Кызыкдар болгон талапкерлер төмөнкү документтерди жөнөтүшү керек:
1. резюме
2. дипломдун көчүрмөсүн кошумча барактары менен кошо
3. толтурулган өтүнмөнү
Өтүнмөнүн формасын (электрондук жана/же басылып чыгарылган кагаз түрүндө) ОшМУнун Карьера борборунан алса болот.
Документтердин топтому толук эмес болгон өтүнмөлөр каралбайт!
Өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү:
Өтүнмө жогоруда көрсөтүлгөн документтер менен бирге publicinternship@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек же конвертке салынып, чапталып ОшМУнун Карьера борборуна: Кыргызстан, 723500, Ош шаары, Ленин көчөсү 331, ОшМУнун Башкы корпусу, каб.136а дарегине 2017-жылдын 20-октябры, 17.00дөн кеч эмес убакытта жеткирилиши керек. Сертификат Стажировканын мөөнөтүн толук өткөн жана зарыл болгон практикалык жана теориялык сааттарды толук өздөштүргөн УЧУРДА ГАНА стажерлорго Программаны ийгиликтүү аяктагандыгы туурасында сертификаттар тапшырылат. Байланыш үчүн маалымат:
Ош мамлекеттик университетинин Карьера Борборунун жетекчиси, программанын координатору: Жакыпова Гүлмирадан 0772 30 78 36 уюлдук телефону/Zhakypovag214@mail.ru электрондук дареги боюнча алса болот.
3425 14:11 10-10-2017

                 

Объявления

|< 1 >|