Новости

КЕФ - Эрасмус+КА107 академиялык мобилдүүлүк программасы

ОшМУ жана Кадис Университети Эрасмус+КА107 академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 2016-2017-окуу жылынан тарта жемиштүү кызматташып келүүдө. 2018-2019-окуу жылы КЕФтин 17 студенти алгачкы жолу Эрасмус+КА107 программасынын сынагына катышты. Сынактын жыйынтыгында, "Европа таануу" адистигинде окуп жаткан үч студент: Бекболотова Айжана, Жакыпова Диана, Жунусова Арууна "толук гранттык" негизде 6 айлык окууга татыктуу деп табылды. Мындан сырткары "нөл гранттык" негизде жогоруда аталган адистиктин 1 студенти - Нематбек кызы Элиза да өзүнүн тайпалаштары менен чогуу 1 семестр Кадис Университетинде академиялык мобилдүүлүк боюнча билим алып келүүгө аттанууда. Студенттерибизге алдыда турган жоопкерчиликтүү окуу сапарларына ийгиликтерди жана ак жол каалап калабыз!
1423 15:02 12-12-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|