Новости

КЕФ - "Испан тили жана маданияты борбору"

2018-жылдын 8-декабрь күнү КЕФтин "Испан тили жана маданияты борбору" тарабынан "Испан тилине киришүү" аттуу презентация уюштурулду. Презентациянын максаты кыскача испан тилинде презентация жасоо менен биргеликте студенттердин испан тилине болгон кызыгуусун күчөтүү. Мындан сырткары студенттердин арасында сүрөт тартуу жана жазуу жөндөмдүктүрүнө негизделген 2 конкурс болуп өттү. Сүрөт тартуу конкурсу "Мен өзүмдү 5 жылдан соң кандай элестетемин" деген темага негизделип, студенттерге өздөрүнүн келечектеги өнүгүүлөрүн кеңири көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүү менен биргеликте факультеттин мындан аркы өнүгүүсүндө алардын максаттарын эске алуу менен алдыга умтулуу болчу. Ал эми 2-чи конкурс "Жаңы жылдык каалоо-тилектер" деп аталып студенттердин испан жана англис тилдеринде жазуу жөндөмдөрүн практикалоо болчу. Жыйынтыгында 6 жеңүүчү аныкталып сертификат, испан жана англис тилинде китептер менен сыйланды. Калган катышуучуларды да куру кол кетирбестен кызыктыруучу белектер берилди.
1662 16:05 10-12-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|