Новости

КЕФ: АТА МЕКЕНДИ ТААНУУ ӨЗ ЖЕРИҢДЕН БАШТАЛАТ

2017-жылдын 21-октябрында кыргыз-европа факультетинин “туризм” жана “бизнести башкаруу” багыттарынын студенттери куратордук сабактын алкагында өткөрүлгөн “Ата Мекенди таануу өз жериңден башталат” атуу теманын негизинде “Жалал-Абад” курорту жана Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплекси менен таанышып келишти. Жүрүш мезгилинде аталган объектилердин тарыхы жана азыркы абалы тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле Мекендин кооз жерлери, ден соолукту чыңдоонун зарылдыгы, ар кандай ооруларды алдын алуу, тарыхый эстеликтерди сактоо жана коргоо боюнча жаңы билимдерге ээ болушту.
1841 12:46 23-10-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|