Новости

КЕФ: "Айтматов дүйнөсүн үйрөнүү"

2018-жылдын 11-декабрында эл аралык укук, бизнес жана туризм кафедрасы тарабынан "юриспруденция", "бизнести башкаруу" жана "туризм" багыттары боюнча 1-курстун студенттеринин арасында "Айтматов дүйнөсүн үйрөнүү" аттуу брейн-ринг уюштурулду. 3 команда катышып, төмөнкү турлар боюнча таймаштар болуп өттү: дубал газетасын жасалгалоо жана коргоо; суроо-жооп; монолог айтуу; логикалык суроолорго жооп берүү. Жыйынтыгында 1-орунду МП-1-18 тайпасы, 2-орунду МеТ-1-18 тайпасы, 3-орунду МБ-1-18 тайпасы жеңип алды жана тиешелүү дипломдорго ээ болушту.
940 11:43 25-12-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|