Новости

ОшМУда тегерек стол өттү

14-март күнү “Кыргыз Республикасында мектептин билим чөйрөсүнүн коопсуздугун каржылоо механизмдерин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ОшМУда, Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугу: уюштуруучулук жана педагогикалык өлчөөлөр” темасында тегерек стол болуп өттү. Аталган долбоор КРде К. Аденауэр атындагы фонд жана БИОМ экологиялык кыймылы аркылуу ББ жана ИМдин өнөктөштөрүндө Евробиримдиктин каржылык колдоосунда ишке ашырылып жатат.

Тегерек стол ОшМУнун ректору профессор К.А. Исаковдун куттуктоо сөзү менен ачылды. Ал өз сөзүндө билим берүү чөйрөсүндөгү коопсуздук маселесинин өтө актуалдуулугун жана бул багытта БИОМ экологиялык кыймылынын ишмердигинин билим берүү чөйрөсү үчүн маанилүү экендигин белгиледи.

Тегерек столдо долбоордун координатору А. Кириленко долбоордун этаптары жана жетишкендиктерин презентациялады. Долбоордун эксперттери А. Курохтин, М. Яковлев КРдин пилоттук мектептеринде билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча аналитикалык изилдөөнүн жыйынтыктарына жана мындай чөйрөнү уюштуруудагы чечимдердин жаңы типтерине токтолушту. Эксперт У. Уметовдун билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун психологиялык өлчөө, М. Ахметовдун чөйрөнүн дизайны жөнүндөгү баяндамалары кызуу талкууну жаратты. ОшМУнун Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин директору профессор М. Алтыбаеванын баяндамасында коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү боюнча педагогдордун компетенттүүлүгү, ага ылайык окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгууга карата мамилелер тууралуу сөз болду. Тегерек столдун катышуучулары (табият таануу жана география факультетинин окутуучулары, ОГПИнин, ОшКӨУнун өкүлдөрү ж.б.) билим берүү чөйрөсүнүн экологиялык, физикалык, психологиялык, маалыматтык коопсуздугу боюнча кызуу талкуу жүргүзүштү жана ОшМУда “Билим берүү чөйрөсүнүн толеранттуулугу жана коопсуздугу” борборунун уюштурулушун колдой тургандыгын билдиришти.

Тегерек столдун соңунда Долбоордун жетекчилиги борбор үчүн ОшМУ сунуштап жаткан кабинеттерди көрүп, аларды жабдуу жана жасалгалоо маселелерин кеңири талкуулашты, оперативдүү ишмердик үчүн негизги жумуштардын ишмерчемдерин белгилешти .

1175 13:28 15-03-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 >|