Объявления

“Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында өтүлүүчү “ЭТНОПЕДАГОГИКА - ЗАМАНБАП СОЦИУМДАГЫ ЭТНОМАДАНИЙ ДӨӨЛӨТТӨРДҮ САКТООНУН ФАКТОРУ КАТАРЫ” -деген аталыштагы конференцияга чакырабыз

Урматуу кесиптештер ОШМунун ПББӨБнун педагогика кафедрасы 2017-жылдын 14- декабрында “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында отулуучу “ЭТНОПЕДАГОГИКА - ЗАМАНБАП СОЦИУМДАГЫ ЭТНОМАДАНИЙ Д00Л0ТТ0РДУ САКТООНУН ФАКТОРУ КАТАРЫ” -деген аталыштагы Республикалык илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырат.

Жумушчу секциялар:

1. Заманбап билим беруу мейкиндигинин этнопедагогикалык аспектилери.

2. Этнопедагогика жана этнопсихология этномаданий дөөлөттөрдү сактоонун фактору катары.

3. Элдик руханий дөөлөттөрдөгү этномаданий философия.

4. Көркөм адабият жана искусство этнопедагогикалык аспектте.

Макаланы жазуу жана аны басып чыгаруу талаптары:

1.Макала кагаз жана электрондук турдө кабыл алынат. Файлдын аты биринчи автордун аты менен дал келиши керек. Кагаз көчүрмөсүндө бардык авторлордун колу коюлушу керек.

2.Макаланын электрондук туру: Microsoft Word 2003, 2017, 2010 жана андан жогорку текст редакторлорунда аткарылат. А4 формат (китеп багытында). Барактын чет өлчөмдөрү: бардык жагынан 2,0 мм. Сап аралыгы - 1,5, Абзац 1,5 см барак бирдей Арип -Times New Roman. Кегль елчему (белги)-14 п. Сунуш кылынган макаланын келому 5-12 бетке чейин.

3.Журналда басып чыгарылуучу макала төмөнкү эки элементтен турат:

• ББК шифри - солго, жөнөкой арип; • автордун аты жана аты жөнүн - ортого, жөнөкөй арип (орус жана англис тилдеринде);

• макаланын аталышы - борборлоштурулуп, арип туру - кара, тамгалар - баш тамгалар менен жазылышы керек (орус жана англис тилдеринде);

• аннотация (кыргыз, орус жана англис тилдеринде) б сапка чейин жана негизги создор (5-10соз) чейин жазылышы абзел;

Макаланын текстти. Сүрөттөрдү (схемаларды) жана таблицаларды коюп, андан кийин текстти жайгаштырууга тийиш. Кыскартуулар жана шартуу белгилери физикалык, химиялык жана математикалык чондуктар жана терминдер эл аралык системада кабыл алынган чен бирдиктер менен берилүүсү абзел. Формуланы терүү текст редактору Math түрү менен жүзөгө ашырылат.

Адабияттардын тизмеси. Адабияттардын тизмеси ГОСТ 7.1 - 2003 библиографиялык жазуу эрежелерине ылайык түзүлөт. Библиографиялык баян. Жалпы талаптар жана эрежелер.

Тизме булактарынын кезеги макалада колдонулганына жараша жайгашат. Текстте шилтеме кезеги менен чарчы кашаанын ичинде тиркелип номерленет, Мисалы, [5]/

Макалалардын элементтери бир боштук сап менен бөлүнүшөт. Авторлор жөнүндө маалымат өзүнчө баракка берилет: 5. теги, аты, атасынын аты; 6. илимий даражасы, илимий наамы; 7. иштеген жери, ээлеген кызматы; 8. телефон номери (иштеген жеринин, үйүнүн, уюлдук), электрондук почта дареги;

Конферециянын материалдары “ОшМУнун жарчысы” илимий журналына басып чыгарылат. Талапка жооп бербеген жана редакцияланбаган макалалар басмадан чыгарылбайт. Ошондуктан авторлор макаланын текстин тыкыр карап чыгуусу заарыл.

Конферецияга келип кетуу чыгымдары авторлордун өз эсебинен болот. Макала учун бир бетине 100 сом.

Макаланы 2017-жылдын 14-ноябрына чейин томонку дарек боюнча жөнөтсөнүздөр болот:

Дареги: Ош ш. Ленин к. 331 а - mail: ped_kaf@mail.ru байланыш телефондору: 0779 500073; 0559 500073; 0772 191942.

Сиздерди терең урматтоо менен! УЮШТУРУУ КОМИТЕТИ.

4487 13:46 01-11-2017

                 

Объявления

|< 1 >|