Новости

ОшМУнун Өндүрүштүк практика бөлүмү тарабынан уюштурулган семинар

28.01.2021-ж. Эл аралык медицина факультетинин практика жетекчилери И.Дж. Исмаилов жана С.О. Турдалиев ОшМУнун Өндүрүштүк практика бөлүмү тарабынан уюштурулган «Санариптик технологиялар аркылуу өндүрүштүк практикаларды уюштурууда ЖОЖ+ӨНДҮРҮШ+СТУДЕНТ» аталыштагы семинарга катышып кайтышты. Семинар 28-январь саат 14-00 дө Кыргыз-Европа факультетинин жыйындар залында өткөрүлдү. Модератор – п.и.к., доцент Т.К. Матикеев ОшМУнун Өндүрүштүк практика бөлүмүнүн жетекчиси. Жыйында ОшМУнун сырттан жана дистанттык окутуу боюнча проректору, б.и.д., профессор, Т.Т.Жумабаева, ОшМУнун юридика факультетинин деканы, профессор Г.К. Кулдышева, ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы, доцент Н.О. Турганбаевдер сөз сүйлөшүп, журналистика кафедрасынын башчысы, доцент С.Б.Эргешова жана юридика факультетинин практика боюнча жетекчиси Ч.М.Сулаймановтор эл алдында уюштурулган практикалары боюнча презентация жасашты. Семинар аягында стейкхолдерлерге сөз берилип, кызуу талкуу жүрүп, жакшы каалоо тилектер узатылып жыйынтыкталды.
403 13:46 29-01-2021

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|