Объявления

Үй-бүлөлүк дарыгерлердин II курултайына кош келиниздер!

КРдин саламаттыкты сактоо министрлигинин, И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, ОшМУнун жана башка бир нече уюмдардын жетекчилиги менен Ош шаарында биринчи жолу 2017-жылдын 18-19-майында Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлеринин II курултайы өткөрүлгөнү жатат. 1996-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлер институту иштей баштаган. Учурда 64 үй-бүлөлүк медицина борбору, 28 жалпы дарыгердик практикалоо борбору, 1640 үй-бүлөлүк дарыгерлер жана 4328 медайым эмгектенет. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин курултайында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эң мыкты дарыгерлери, КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дарыгерлери өз ара тажрыйба алмашат. Бул курултай үй-бүлөлүк дарыгерлердин, педагогдордун саламаттыкты сактоо жетекчилеринин ортосундагы ынтыкмактын жана достуктун платформасы болуп калат деген ишеничтебиз. Өлкөбүздүн эң күнөстүү жана меймандос Ош шаарында өткөрүлуп жаткан үй-бүлөлүк дарыгерлердин II курултайына кош келиниздер!
3739 16:39 15-05-2017

                 

Объявления

|< 1 2 >|