Новости

ОшМУнун ректорлук кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо

16-октябрда ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин деканы Ж.К. Муратов “ Кыргыз туусу” гезитинин. 2019-жылдын 15-октябрындагы №3 (24375) санында жарыяланган конкурстун талабына ылайык ОшМУнун ректорлугуна талапкерлерди сунуштоо боюнча жыйын өткөрдү, жыйында Ж.К. Муратов окутуучулардан өз ойлорун айтуусун сунуш кылды. PhD Л. М. Назарова өз сөзүндө ф-м.и.к., доц., К. Г. Кожобековдун талапкерлигин сунуштады. Талапкердин ОшМУга сиңирген эмгегин белгилөө менен тажрыйбасы мол, университеттин учурдагы билим берүү, илим жаатындагы өнүгүү багытын мындан-ары өнүктүрүп кетээрине терең ишенимин билдирүү менен ОшМУда 20 жылдан бери эмгектенип, декандын орун басарлыгынан министирлик кызматка чейин басып өткөн жолун белгилөө менен ректорлук кызматка татыктуу талапкер катары сунуш кыларын айтып өттү. Ушундай эле ой-пикирлерди ф-м. и.к. доц., Курбаналиев жана м.и.к. доц., С. М. Маматова айтуу менен ОшМУнун ректору кызматына ф-м.и.к, доц., К. Г. Кожобековдун талапкерлигин сунушташты.
1991 16:47 16-10-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|