Новости

Мугалимдер менен студенттердин жолугушуусу

ОшМУнун физика-техника факультетинин жалпы студенттерине студенттердин укуктары жана милдеттери, AVN информациялык системасы, билим берүүнүн көп баскычтуу(бакалавр, магистр ж.б.) формасы темасында жолугушуу өткөрүлдү. Мында физика-техника факультетинин деканы ф-м.и.к. доцент Өскөнбаев М.Ч. жана кафедра башчылары, ОшМУнун окуу-информациялык департаментинин директору ф-м.и.к. доцент Кожобеков К.Г. ОшМУнун студенттик акыйкатчысы Кубанычбек уулу Нурсултан болду. Жолугушууда жогорудагы темага байланыштуу маалыматтар берилип, студенттердин суроолоруна жооп беришти. Иш-чараны Физика-техника факультетинин студенттик акыйкатчысы Абдыраззак кызы Азиза жана Жаштар комитети Алымырзаев Дастан демилгелешип, деканат менен ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппараты тарабынан биргеликте уюштурулду.
5053 17:59 18-05-2016

                 

Новости

|< 1 >|