Новости

Ош МУнун Эл аралык мамилелер факультетинин бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын жыйыны

Ош МУнун Эл аралык мамилелер факультети 30 апрель 2016 ж. “Sun Rise” мейманканасынын жыйын залында, бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусун өткөрдү. Жолугушуу саат 10:00 -12:00 чейин болду. Ал жерде 40 бүтүрүүчү катышты. Жыйындын ачылыш сөзү Ош МУнун окуу бөлүмү боюнча проректору Абдувалиев А.О. жана ЭАМ факультетинин деканы Низамиев А.Г. берилди. Алар ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин ачылышына 15 жыл болгону менен куттукташып, факультеттин окуу, маданий массалык, спорттук жетишкендерге ээ болгонун белгилешип кетишти. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын негизги максаттарын түшүндүрүп, Alma mater менен бүтүрүүчүлөр тыгыз байланышта болууну белгилеп кетишти. Ош мамлекеттик университетинин карьера борборунун жетекчиси Жакыпова Гулмира ассоциациянын иштери боюнча маалымат берип, сайт жөнүндө көрсөтүп айтып берди. Иш чаранын жүрүшүндө, бүтүрүүчүлөр менен студенттердин арасында суроо-жооп түрүндө пикир алмашуулар болду. Студенттердин “Кайсы предметтин сизге көбүрөк пайдасы тийди”?, “Ушундай ийгиликке кантип жеттиниздер”? “Окуу мезгилинде кызыктуу окуяларды айтып бериниздер”? деген суроолорго Демир Банк филиалынын директору Камбаров Сагын, Жаш ишкерлер ассоцияциасынын төрагасы Сапаров Рустам, ПРООН эл аралык уюмунун финансы бөлүмүнүн ассистенти Давлатжанова Зарагул, Конфуций институтунун директорунун орун басары Усөн у. Маматаирлер жооп беришти. Алар ушундай ийгиликке жетишкендигинин бир себеби бул факультеттин мугалимдеринин берген тарбиясы жана билими болгондугун айтып кетишти. Давлатжанова Зарагул студенттерди ар кандай иш чараларга активдүү катышууну сунуш кылды. Ошондой эле факультеттин кафедра башчылары Султанова К.Д. жана Акматова Д.А. бүтүрүүчүлөргө эл аралык мамилелер факультетинин студенттерин практикага, жумушка орноштуруу боюнча көмөктөшүүлөрүн суранып өтүштү. Бүтүрүүчүлөр кафедра башчыларынын сунуштарын колдоп берүүнү айтышты. Иш чаранын аягында бүтүрүүчүлөрдүн урматына кофе-брейк уюштурулуп. Меймандарды факультеттин жамааты узатышты.
5108 19:26 10-05-2016

                 

Новости

|< 1 >|