Новости

Лабораториянын ачылышы

2019-жылдын 15-апрель күнү МИТ факультетинде №237 – “Физика-математикалык билим берүү” илимий-изилдөө лабораториясы кабинетинин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылуу аземине ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы, пофессор Т.Т.Жумабаева, факультеттин деканы, доцент У.А.Сопуев, МИОТ жана ББМ кафедрасынын башчысы, доцент А.Дж.Аттокурова, 550200 “Физика-математикалык билим берүү” магистрдик программасынын “Математика жана информатика” профили боюнча программа жетекчиси, доцент А.А.Тагаева жана факультеттин кафедра башчылары, МИОТ жана ББМ кафедрасынын окутуучулары катышышты. Аземди кафедра башчысы, доцент А.Дж.Аттокурова ачып берди. Андан кийинки куттуктоо сөзүн профессор Т.Т.Жумабаева сүйлөдү. Ал каалоолору менен бирге лабораториянын уюштурулушуна карата сунущтарын билдирди. Андан кийинки куттуктоо сөздү факультеттин деканы, доцент У.А.Сопуев сөйлөп, ийгиликтерди каалап, лабораториянын уюштурулушуна ыраазычылыгын билдирди.
1027 15:39 16-04-2019

                 

Новости

|< 1 >|