Новости

МИТ факультетинде ОшМУнун 80 жылдыгына арналган илимий жумалык өттү

МИТ факультетинде ОшМУнун 80 жылдыгына арналган илимий жумалык өттү. Конференцияны МИТ факультетинин деканы, ф.-м.и.к., доцент Уланбек Сопуев ачып берди жана илимий жумалык студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттыруу, аларга багыт берүү, илим жолунда үзүрлүү эмгектенип келе жаткан окумуштуу агай-эжекелерге сый-урмат көрсөтүү максатында уюштурулуп жаткандыгын белгиледи. Өз кезегинде сөзгө чыккан ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент Гулжамал Анарбаева быйылкы жылы өзгөчө университетибиздин 80 жылдык мааракесине арналган илимий жумалыктар бир топ факультеттерде башталгандыгын айтты. Жумалыктардын алкагында бир жыл аралыгында жасалган илимий иштердин жыйынтыктары чыгарылып, ийгилик жараткан агай-эжекелер, студенттер сыйланарын кошумчалады. Сыймыктуу устат окумуштуу агай-эжекелерден ф.-м.и.д., профессор Салы Каримов, ф.-м.и.д., профессор, УИАнын мүчө-корреспонденти Келдибай Алымкулов, п.и.к, профессор Мейилкан Алтыбаева, ф.-м.и.д., профессор Гулбадан Матиева, ф.-м.и.к., доцент, ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев, улук окутуучу Мария Маматкулова, улук окутуучу Нина Сергеевна, ф.-м.и.к., доцент Маккамбай Мамаюсуповдор сөзгө чыгып, илим жолу сыймыктуу, ары татаал, түйшүктүү жол экендигин белгилешип, талыкпаган эмгек, изденүү менен гана ийгилик жаратууга боло тургандыктарын айтышты. Пленардык жыйында профессор Гүлбадан Матиева “Фракталдык геометриянын учурдагы орду”, доцент Улук Сактанов “Сайттарды түзүүнүн оптималдуу жолдору”, доцент Толкун Папиева “Устаттын берген батасы – шакирттен кетпөө катасы”, доцент Айзат Тойгонбаева “Сулайман Абдыкалыковдун өмүр баяны” деген темаларда баяндамаларды жасашты. Илимий конференциянын кийинки бөлүгү секцияларда уланып, анда окутуучулар, студенттер, магистранттардын илимий баяндамалары талкууланды.
647 13:45 27-05-2020

                 

Новости

|< 1 2 >|