Илимий жумалыкта «Экономикадагы ИСТ» - IV секциялык ишти кафедранын мүчөлөрү С. Тажикбаева жана Маткалык кызы Кымбат жетектешти. Конференцияга атайын чакырылган конок, программист-иштеп чыгуучу Кубаныч Тажмамат уулунун, кафедранын окутуучуларынын, магистранттардын жана студенттердин 23 илимий баяндамасы жасалды.
IV секциянын ишинин жыйынтыгы боюнча жасалган баяндамалардын ортосунда “Мыкты баяндама” конкурсу жүргүзүлүп, орундар төмөнкүдөй болду: студенттердин арасында
I даражадагы диплом менен Сыдыкбекова Батина Сыдыкбековна, ИСТ (б)-3-18, Hot Potatoes программасынын жардамында интерактивдүү тапшырмаларды жана тесттерди түзүү. Жетекчи: Абдирайимова Н., улук окутуучу
II даражадагы диплом менен Алишов Азирет Сайтмаматулы,
ИСТ (б)-3-19Р, Плюсы и минусы дистанционного обучения с точки зрения студента. Жетекчи:Омаралиева Г.,окутуучу
III даражадагы диплом менен Орозова Сайкал Эрмаматовна, ФМОИ (б)-1-19, Delphi программасынын жардамында шахматтын доскасын түзүү.
Жетекчи: Токторбаев А., ф.-м.и.к., доцент
Магистранттардын арасында:
1-орун: Сопуев Акылбек Адахимжанович, ИСТ(м)-1-18, Ишкананын берилгендер базасын PhpMyAdmin жана MySQL каражаттары менен түзүү.
Жетекчи: ф.м.-и.к., доцент Сактанов У.А.
2-орун: Тохтабоев Мадиёр Комилжонович , ИСТ(м)-1-18, Использование модели Леонтьева разработке экономической системы производства продуктов.
Жетекчи: ф .м.-и.д., проф. Сопуев А.
3-орун: Насыров Хуршид Илхомович, ИСТ(м)-1-18, Батирлерди эсепке алуу жана контролдоо боюнча риэлтордук компаниянын сатуу бөлүмүнүн АИС-н проектирлөө. Жетекчи:ф.м.-и.к., доцент Сатаров А.Э.
Өткөзүлгөн он-лайн илим жумалыгына активдүү катышкан студенттер жана магистранттар кафедранын жана факультеттин ардак грамоталары жана дипломдору менен сыйланышты.