Новости

"Moodle платформасынын жардамында дистанттык окуу процесстерин толук кандуу уюштуруу"

2020-жылдын 7-апрелинде МИТ факультетинин Программалоо кафедрасынын улук окутуучусу Н. А. Абдирайимова «Moodle платформасынын жардамында дистанттык окуу процесстерин толук кандуу уюштуруу» деген темада ZOOM программасы аркылуу вебинар өттү. Вебинарга окуу жай жетекчилиги, структура жетекчилери, окуу иштер департаментинин мүчөлөрү, АББСДнын мүчөлөрү, окутуучулар жана студенттер катышышты. Өтүлгөн вебинар боюнча бир топ жакшы сунуштар айтылды. Физика-техника факультетинин «Энергетика» кафедрасынын улук окутуучусу Т. Закирова бул вебинардын окутуучулар жана студенттер үчүн да мааниси жогору экендигин жана moodle платформасын окуу процессинде колдонуу сунушун айтты. Ал эми окуу-информациялык департаментинин башкы адиси, ф.-м.и.к. Н. Н. Курбанбаева аябай жакшы пайдалуу семинар болгондугун белгилеп, азыркы мезгилде кырдаалга байланыштуу сабактар синхрондук жана асинхрондук тартипте болуп жатканда moodle платформасын окуу процессинде колдонуу жакшы жыйынтыкты берерин белгилеп аралыктан окутууну ушул платформанын жардамында окутууну сунуштады. ОшМунун ректору, ф.-м.и.к. К.Г. Кожобеков бул вебинардын маанилүүгү жогору экендигин белгилеп, moodle системасы дүйнөлүк деңгээлде таанылган система, аны жайылтуу керек экендигин жана бул боюнча семинарларды уюштуруу керек экендигин белгилеп кетти. Андан сырткары Программалоо кафедрасынын башчысы ф.-м.и.к. Н.К. Аркабаев moodle платформасын окуу процессинде толук кандуу пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгилеп, катышуучуларга сайт боюнча маалыматтарды берди.
924 01:20 09-04-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|