Новости

Биздин окутуучуларыбыз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан сыйланышты

5-март "Мугалимдер" күнүнө карата ИТАС кафедрасынын ага окутуучусу Саданов Абдибек Дүйшөбаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ардак грамотасы" менен, улук окутуучу Сейитказыева Гүлнара Имамалиевна эжекебиз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ыраазычылык баракчасы" менен сыйланышты. Бул окутуучуларыбызга жалпы кафедранын жамаатынын атынан, мындан ары да мыкты адистерди даярдап чыгууда талыкпай эмгек кылышын, мындай ийгиликтердин дагы далайын багындыруу менен бирге үй-бүлөөлүк бакыт каалап кетмекчибиз!


902 13:26 28-10-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 >|