Новости

ОшМУнун “БИЛИМ” лицейинин жана “ЫЙМАН” гимназиясынын окуучулары олимпиаданын республикалык туруна жолдонмо алышты

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлгөн Республикалык олимпиаданын III этабында Ош мамлекеттик университетинин “Билим” лицейинин жана “Ыйман” гимназиясынын окуучулары алдыңкы орундарды ээлешти. Белгилей кетсек олимпиаданын III этабында “Билим” лицейинин 10-классынын окуучулары Муратбек кызы Айгерим биология предметинен 1-орунду, Кумар кызы Аида география предметинен 2-орунду ээлеп, республикалык турга жолдонмо алышты. Ал эми 11-класстын окуучусу Абдисалам кызы Элина математика предметинен 3-орунду ээледи. “Ыйман” гимназиясынын 11-классынын окуучулары Касымбек уулу Муса орус тили предметинен 1-орунду ээлеп, республикалык турга жолдонмо алса, Мукумова Гүлбурак, география предметинен 3-орунду, Назирбек уулу Алишер физика предметинен 3-орунду, 9-классынын окуучусу Екуббекова Шахзода математика предметинен 3-орунду ээлешти. Жалпы ийгилик ээлерин жана даярдаган мугалимдерин куттуктап, ийгиликтерди каалайбыз!
711 09:47 05-03-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|