Новости

"Улутту улут кылган эне тили"

21 - февраль "Эл аралык эне тил" күнүнө карата Р.Абдыкадыров атындагы маданият үйү жана А.Токтосартов атындагы райондук китепкана менен биргеликте "Улутту улут кылган эне тили" аттуу музыкалык кечеде ОшМУнун "Кара - Кулжа" гимназиясынын окуучулары өз таланттарын көрсөтүштү. Иш чарада ОшМУнун "Кара - Кулжа" гимназиясынын окуучулары 5 (кыргыз, кытай, түрк, орус, англис) тилде пайдалануу менен өз таланттарын ар тилде сүйлөп, ырдап - бийлешип, ар улуттун ата - бабаларынан келе жаткан накыл кеп, ырларын айтып, кандай баарлашуу керектигин чагылдырып беришти. Эң эле кызыгы, мотурайган 1 - класстын окуучулары менен 5 - класстын кыздарынын "туулган күндү өткөрүү" сахналык чагылдыруусунда кытай тилинде ырдап, куттуктоо сөздөрүн айтканы башка тил болсо да балдардын тилинде кандай таттуу угулаарын туюшту. Жыйынтыгында, окуучуларыбыз Кара-Кулжа айыл өкмөтү тарабынан бир топ диплом, грамоталарга ээ болушту. Айыл өкмөт, райондук акимият кызматкерлерден алкыш сөздөр айтылды. Жалпысынан коомчулук менен байланышты бекемдедик.
741 14:14 26-02-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|