Новости

Өлкөнүн келечеги демилгечил жаштарда!

«Өлкөнү санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү жана балдарды колдоо» жылына карата Ош Технологиялык Университети тарабынаан уюштурулган «Кыргызстандын экономикасын канткенде өнүктүрөбүз?» деген темадагы облустук деңгээлдеги эссе сынагында «Ыйман» гимназиясынын окуучулары катышып белектерге, акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Саттаров Акниет 10 -«а»класстын окуучусу 3-орунду камсыздап 1000сом акчалай сыйлык жана ардак грамота менен сыйланды. Ал эми 11 «б» классынын окуучулары Мукумова Гүлбурак жана Темурбаева Жылдыз ардак грамоталар менен сыйланды.Бул да болсо өлкөбүздүн келечеги үчүн күйүп-жанган мекенчил жаштарды тарбиялоодо «Ыйман» гимназиясы туура багытта бараткандыгынан кабар берип турат.
812 12:04 26-02-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|