Новости

Журналистика кафедрасында тренинг болуп өттү.

Бүгүн 5-февралда Майыптык темасын туура чагылдырууга багытталган «Стереотипсиз жашоо» тренинги өткөрүлдү. Тренингди “ПРООндун” кызматкери, белгилүү журналист Бекешова Мэри Бейшенбековна өттү. Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарга карата терс стереотиптер таратпоо, туура терминдерди колдонуу, майыптык темасын туура, бейтарап жана журналисттик этикага жараша чагылдырууну өздөштүрүү максатында өтүлдү. Тренингке журналистика кафедрасынын жамааты, студенттер жана ОшМУнун медиа коммуникация жана коомчулук менен байланыш окуу лабароториясынын мүчөлөрү катышты. Окуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин демилгеси менен БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосуда өткөрүлүп жатат.
342 16:10 05-02-2021

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|