Новости

Ош МУнун БиМ факультетинде «Бизнес информатика» багыты боюнча окуган студенттердин ата-энелери менен жолугушуу иш чарасы болуп өттү.

Бул жолугушуу иш чарага иш – берүүчүлөр, ата-энелер, студенттер жана “Бизнес информатика жана экономикадагы математика” кафедрасынын жалпы профессордук-окутуучулук жамааты катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө “Бизнес информатика жана экономикадагы математика” кафедрасынын башчысы, ф-м. и. к., доцент Т.О. Бекешов “Бизнес-информатика адистигинин бүгүнкүсү жана келечеги” деген темада доклад жасады.

Ал эми иш берүүчүлөрдүн атынан “Капитал банктын” Ош филиалынын директору Шадиев. Б. “Банк иштеринде информациялык технологиялардын колдонулуштары” деген темада доклад жасады жана ата-энелерден, студенттерден берилген бир топ кызыктуу суроолорго жооп берүү менен студенттердин практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө “Капитал банк” каршы эмес экендигин билдирди.

Ошону менен бирге Ош шаардык калкты тейлөө борборунун адиси Умарова Назгул “КР электрондук өкмөтү: көйгөйлөрү, бүгүнкү абалы жана келечеги” тууралуу презентация жасады.

Ош МУнун немец тили боюнча окутуучу Сарыкбаева Д.П. кезектеги сөзгө чыгып студенттерди чет тилин үйрөнүүгө чакыруу менен чет өлкөгө чыгып билимин өркүндөтүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтып берди.

Андан соң “Бизнес информатика жана экономикадагы математика” кафедрасынын окутуучулук курамына сөз берилип бир топ агай эжекелер сөзгө чыгышты, ошол эле учурда суроо-жооп иретинде талкуу болду.

Бул иш чарада ата-энелер менен биргеликте төмөндөгүдөй бир топ маселелер каралды.

· Бизнес-информатика адистигин келечеги тууралуу;

· Студенттердин жетишүү, катышуусу тууралуу маалыматтар;

· Контрак маселеси каралды;

· Ош МУнун сайты менен тааныштыруу;

· Ош МУнун электрондук библиотекасы менен тааныштыруу;

· AVN программасынын мүмкүнчүлүктөрү жана колдонулушу менен тааныштыруу;

Иш чаранын акырында ата-энелерге жана студенттерге Ош МУнун ички жана сырткы мобилдүүлүгү боюнча бир топ программалар бар экендиги тууралуу маалымат берилди. Бул программаларга студенттер катышуу үчүн ата-энелерден колдоо, мугалимдерден жардам ал эми студенттерден аракет керек экендиги баса белгиленди.

2304 18:23 16-03-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 >|