Окуу түндө алдыңдагы шам чырак;
Билим алсаң маңдай ачык жаркырап.
Окуу, билим көп нерсеге жеткирет;
Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт.
Окуу болсо билим үчүн жол салат;
Билим болсо иштин көзүн ал табат.
Демекчи, ОШ МУнун БиМ факультетинин “Бизнес информатика” адистигинин БИ(б)-1-14 тайпасынын студенти Жуманидин кызы Зирек аттуу студентибиз жаш наристеси менен сабактардан калбай катышууда.
Зиректин окууларына ийгилик жана наристесинин саламатта болушуна тилектешпиз!