Новости

"Бизнес информатика жана экономикадагы математика" кафедрасында ата-энелер жана жумуш беруучулор менен жолугушу иш чарасы болуп отту

2019 жылдын 2-февраль күнү БиМ факультетинин БИжЭМ кафедрасынын профессордук окутуучулук курамынын демилгеси менен «Бизнес информатика» багыты боюнча даярдалып жаткан 1-2 курстун студенттеринин ата-энелери жана жумуш берүүчүлөрдүн ортосунда жолугушуу иш чарасы болуп өттү.

Бул иш чарада «Бизнес информатика» адистигинин окуу пландарынын сапаты, компетенциялар, окуунун жыйынтыгы, коюлган максаттар, практикалардын сапаты, өндүрүш менен адистиктин байланышы жана бул багытта даярдалып жаткан студенттердин келечеги, тууралуу сурооо-жооп иретинде талкуу болуп, ар кандай сунуш-пикирлер айтылды.

Ошону менен бирге студенттердин коомдук иш-чараларга, маданий иш-чараларга, спорттук мелдештерге талбай катышкандыгы жана окуудагы жетишкендиктери үчүн ата-энелерге «Ыраазычылык кат» менен кафедранын жалпы жамааты сый-урмат көрсөтүштү.

Отурумдун аягында ата-энелерге жана жумуш берүүчүлөргө факультеттин жалпы базасы менен тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду. (Фото отчет)

1369 11:11 04-03-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 >|