Новости

БиМ факультетинин «Бизнес информатика» адистигинин студенттерине ОШ МУ нун «Техникалык камсыздоо жана өнүктүрүү бөлүмүндө» МАСТЕР КЛАСС болуп өттү

Бим факультетинин «Бизнес информатика жана экономикадагы математика» кафедрасынын окутуучусу Аттокурова Анара эжеке 27.02.2019 күнү саат 8:30-10:05 убактысында боло турган «Вычислительные сети и телекоммуникации» деген аталыштагы предметтик сабактан БИ(б)-2-17 тайпасынын студенттери менен биргеликте ОШ МУнун «Техникалык камсыздоо жана өнүктүрүү бөлүмүнө» (ЦИТО) экскурсияга чыгып келишти.

Бул учурда БиМ факультетинен барган студенттик топту «Техникалык камсыздоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүнүн» директору Ураимов Равшан агай тосуп алып мастер класс өтүп берди. Сабак аябагандай кызыктуу жана жогорку денгээлде өттү. Ал жерде университеттин сеть менен камсыз болушу, ftp, avn кызматтары жана банктарга контрактык төлөмдөрдү туташтыруу жөнүндө маалыматтар айтылып схемалар менен студенттерди тааныштырды. Студенттер ушундай иш-чаралардын тез-тез уюштурулуп турушун сунуш кылышты. (Фото отчет)

1327 12:01 27-02-2019

                 

Новости

|< 1 2 3 >|