Новости

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппараты: Студенттердин майрамын кызуу куттукташты

Бүгүн, ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын төрагасы Бектурсун Орозали уулу өзүнүн жалпы структурасы менен 17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата №1,2 жана 3-жатаканалардагы студенттерди куттуктап келди.Студенттерге шахматтын элеси түшүрүлгөн стол белек кылышты.Тапшыруу аземине ОшМУнун социалдык жана тарбия иштери боюна проректору Т.Р Колдошов, Жатаканалар боюнча координатор Абылкасым уулу Канатбек жана жаштар комитетинин төрагасы Алтынбек уулу Муратбек агайларыбыз катышып, студенттерди кызуу куттуктап жана окууларына ийгилик каалады.Ушул демилегенин ишке ашуусуна колдоо көрсөткөндүгү үчүн ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаковго жана ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы, доцент А.А.Ураимович агайларыбызга ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
2568 18:39 20-11-2017

                 

Новости

|< 1 2 >|