Студенттик “Нур” гезити 1992-жылы негизделип, 2001-жылы 27-сентябрда Ош облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөн (катто номуру 106, 2001.27.09. №000703).
“Нур” студенттердин коомдук-маданий гезити болуп саналып, 8 бет, 3500 тиражда түстүү чыгарылып, студенттерге акысыз таратылат.
“Нур” гезитинде учурдун мыкты журналистери Т. Алдакулов, Жогорку Кеңештин депутаты Ж. Акаев, “ОшТВнын” директору К.Калыкулов, “Азаттык” радиосунун журналисти Э.Нурматовдор жана акындар У.Омокеев, Мелис Маматжан уулу иштеген.
Студенттик гезиттин негизги максаты - университеттеги жаңылыктар, маданий иш-чаралар, студенттерге керектүү маалыматтар, калемгер студенттердин чыгармалары, окутуучулардын юбилейлери жөнүндө макалалар тынымсыз чыгарылып келет.
Учурда “Нур” гезити журналистикага кызыккан зирек, калеми курч студенттердин журналистикага болгон башаты болуп бере алат жана чыгармачылыгын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.
Чыгармачыл, таланттуу, аракетчил жана ийгиликтүү студенттер жөнүндө “Иштерман студент”, “Ийгиликтүү студент”, Таланттуу студент” сыяктуу атайын рубрикалар орун алган.
редактору: Дүйшөнбек Бектемир уулу
“Нур” гезити сайтта:
https://www.oshsu.kg/news/new/?lg=2&id_parent=953&id2=15026
“Нур” гезитинин фейсбуктагы баракчасы:
https://www.facebook.com/oshmu.nur/