Билим сапатын баалоо боюнча генералдык рейтингде ОшМУ 1-орунду багындырды

Башкы Жаңылыктар

Билим сапатын баалоо боюнча генералдык рейтингде ОшМУ 1-орунду багындырды

Image

“Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги” (НААР) тарабынан өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги – 2021” программасынын жыйынтыгы боюнча  ОшМУ бакалавр программасында 30 багыт боюнча институционалдык рейтингде 1-орунду алып, жалпы генералдык рейтингде 1-орунду багындырды.

Рейтингинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары бакалавриаттын (адистиктин) жана магистратуранын 44 багыты боюнча өткөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 20% га көп.  Бул багытта Ош мамлекеттик университети жогорку көрсөткүчкө жеткен.

Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун көзкарандысыз рейтингинин мониторинги - 2021, Кыргызстандын ЖОЖдорунун профессордук-окутуучулук курамынын басмаканалык активдүүлүгү бир кыйла жогорулагандыгын көрсөттү. Илимий басылмалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү жана илимий эмгектерди индекстөө  да бир топ окуу жайларда жогорулаган.

Өлкөнүн ЖОЖдорунда билим берүүнүн интернационалдаштырылышынын өнүгүшү, "Академиялык мобилдүүлүк" индикаторунун баалоосу боюнча, билим берүү программаларынын рейтингинин катышуучуларынын жалпы санынын 36% түзгөн.

ОшМУ 2018-жылы Казакстандык эл аралык НААР агенттигинен институционалдык аккредитациядан Кыргызстанда  биринчилерден болуп өткөн. 2018-2019-жылдан бери аталган агенттик Кыргызстандык жогорку окуу жайлардын улуттук рейтингин чыгарып келет. ОшМУ бул аралыкта 4 жыл катары менен генералдык рейтингинде 1-орунду камсыздады.

Жогорудагы маалымат КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында берилген.

Шилтеме: https://edu.gov.kg/ru/news/nezavisimyj-rejting-vuzov-kyrgyzskoj-respubliki-2021

Экинчи фото министрликтин сайтынан алынды.

Фото галерея