Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова ОшМУда болду

Башкы Жаңылыктар

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова ОшМУда болду

Image

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Ош шаарына болгон сапарынын алкагында ОшМУдагы  санариптештирүү, автоматташтыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Окуу жайдын алдында  ачылган алдыңкы тажрыйба борбору, билим берүү менен өндүрүш айкалышкан Индустриалдык-педагогикалык колледжинин иш-тажрыйбасын  көрүп чыкты. Колледжде жайгашкан эмгек сиңирген артист, элдик композитор, ырчы, обончу Рыспай Абдыкадыровдун музейинде болуп, эскерүү китепчесине кол жазма калтырды.

Жылдыз Бакашова университеттин электрондук китепканасында болуп, учурда өлкөдөгү алдыңкы программалардын бири ИРБИС 64+ программасынын алкагында жасалып жаткан иштерди көрдү.  Бул программа республикадагы эки ЖОЖдо, анын ичинде ОшМУда иштеп  жатканы чоң жетишкендик экендигин баса белгиледи.  

Мындан сырткары окуу жайдын Ак-Буура кампусунда жайгашкан медициналык клиникасындагы билим берүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Жылдыз Бакашова  ОшМУда өткөн   "Доор жаңырткан аял лидерлиги аркылуу өлкөнүн өнүгүшү жана тынчтыкты бекемдөө үчүн коомду бириктирүү” диалогуна катышты.

Фото галерея