Окуу процесси, материалдык-техникалык база
       “Адис” окуу борборунда окуу пландары, усулдук иштери, тиешелүү предметтердин жумушчу программалары мамлекеттик стандартка жана нормативдик талаптарга ылайыкташылып иштелип чыккан. Сабактардын илимий-методикалык деңгээлин, сапатын жогорулатуу максатында көпчүлүк сабактар жаңы технологиялардын негизинде өткөрүлөт.
       •Борбордо окулуп жаткан адистиктердин предметтери боюнча материалдардын электрондук варианттары даярдалган;
       •Окуу процессинде Intranet жана Internet тармактары, мультимедиялык каражаттар, интерактивдүү доскалар ж.б колдонулат;
       •Дээрлик көпчүлүк сабактар проектордун жардамында презентация кылынат.
       •1С Бухгалтерия 8.2 предметинен атайын программа жүктөлгөн.
       Окуу борборунда окутуунун сапатын жогорулатуу максатында түзүлгөн компьютердик каана интернет менен жабдылган. Андан тышкары окуу борбору тууралуу Жобого ылайык факультеттердеги компьютердик борборлордо, мультимедиялык класстарда жана атайын жабдылган аудиторияларда сабактар өтүлөт. Бардык компьютерлер локалдык тармакка биригип, университеттин Интернет борбору аркылуу дүйнөлүк Интернет тармагына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Борбордун иш алып баруусу үчүн бычмачылык жана тикмечилик курстарынан практикадан өтүү үчүн №1 жатаканада цех түзүлгөн.