Tarihi
Ош мамлекеттик университети тарых барактарында

       Ош мамлекеттик университети алгач 1939-жылы педагогикалык адистерди даярдоо максатында Ош шаарындагы мугалимдер институту болуп түзүлгөн. Бул институттун курамында тарых-филология, физика-математика жана табият таануу-география факультеттери болгон. Институттагы окуу мөөнөтү 2 жылды түзүп ага 10 айлык предметтик курстарды, педагогикалык училищаларды бүткөн бүтүрүүчүлөрдү кабыл ала баштаган. 1941-жылдын 22-июнунда Улуу Ата Мекендик согуш башталып, көптөгөн окутуучулар жана студенттер согушка кетишкен. Согуш шартында кайрадан түзүлгөн завод-фабрикалар менен катар эвакуацияланган илимий жана маданий мекемелерди кыска мөөнөттө жайгаштыруу, алардын толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүү зарылчылдыгы болгон. 1942-жылдын сентябрында Ростов шаарындагы мамлекеттик университет жана педагогикалык институт Ош шаарына көчүрүлүп келинген. Курамында 9 профессор, 25 доцент, 30 дан ашуун окутуучу, ассистент жана лаборанттары бар эки Ростовдун жогорку окуу жайлары жана согуш убагындагы шартка ылайык бир окуу жайга биригишкен.
       Жергиликтүү партиялык, советтик бийлик органдарынын чечими менен согуштун башталышында жабылып калган Оштогу мугалимдер институтунун окуу имараты, эки мектептин 18 класстык бөлмөсү эвакуацияланып келген Ростов университетинин карамагына өткөрүлүп берилген. Бул университеттин профессордук окутуучулук курамы аз убакыттын аралыгында эле окуу процессин уюштурууга жетишип Ош шаарынын, областтын коомдук-саясий турмушуна активдүү аралаша башташкан.
       Кыргыз өкмөтү Оштогу мугалимдер институтун кайрадан ачуу жөнүндө токтом кабыл алган. Ошентип жогорудагы эки улуттук жана бир нече орус тайпаларынын негизинде 1944-жылдын 21-мартынан Оштогу мугалимдер институту кайрадан 116 студенттердин контингенти менен өз ишин баштаган. Ростов университети 1944-жылдын 2-майынын өз мекенине көчүп кеткен.
       1951-жылдын 24-майындагы СССРдин Совмининин токтомуна ылайык 1951-жылдын 1-августунан Оштогу мугалимдер институту 03 курамында «Тил жана адабият», «физика-математика», «биология», «чет тилдер» жана «дене тарбия» факультеттерин камтыган Ош педагогикалык институту болуп кайрадан уюштурулган.
       СССРдин Билим берүү министрлиги жана республиканын Эл агартуу министрлигинин 1951-жылдын 18-июлундагы 188-буйругуна ылайык эки жылдык мугалимдер институту Ош мамлекеттик педагогикалык институту катары республикабыздын түштүгүндө биринчи жогорку окуу жайы болуп түзүлгөн.
       Институтту уюштуруу жана андан ары өнүктүрүү иштерине республикабыздын көптөгөн белгилүү инсандары, партиялык-советтик жетекчилер активдүү катышкан. Алардын ичинде айрыкча ректорлордун ролу зор. Мындай жетекчилердин катарында төмөнкүлөрдү атаса болот: Табалдиев Раимбек Жумабаевич (ОМПИнин биринчи директору); Шамгунов Кизим Давлетович, Кыргыз мамлекеттик пединститутун 1945-жылы бүтүргөн, физика-математика илимдеринин кандидаты, ОМПИде илим жана окуу иштери боюнча директордун биринчи орун басары, Кызыл Жылдыз жана Ата Мекендик согуштун II даражасындагы ордендердин кавалери; Камалов Назырхан Камалович, философия окутуучусу, улуту өзбек, Ташкенттеги марксизм-ленинизм институтун 1939-жылы бүтүргөн, Кызыл Жылдыз жана Ата Мекендик согуштун II даражадагы орденинин кавалери; Светлицкий Георгий Яковлевич, зоология кафедрасынын башчысы, доцент, улуту орус, 1935-жылы Воронеж университетин бүтүргөн; Турсун ова Дарыгул, орус тили жана адабияты кафедрасынын доценти, казак кызы, 1939-жылы Чкалов пединститутун бүтүргөн, «Күжүрмөн эмгеги үч үн» медалынын кавалери ж.б.
       ОМПИ 60-жылдары өз ишин 5 факультет менен баштаган: физика-м атематика, табият таануу-география, тарых-филология, музыка-педагоги ка жана чет тили. Окуу жайыбыздын директорлору жана ректорлору: 1958-жылкы КМУнун бүтүрүүчүсү, 1918-жылдан ВКП(б)ыын мүчөсү, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Половиков Федор Иосифович (1953-55-окуу жылдары), тарых илимдеринин кандидаты, доцент Ашымкан Омуралиев (1955-60-окуу жылдары), Эшмамбетов Бакы Эшмамбетович (1960-64-окуу жылдары), физика-математика илимдеринин кандидаты Айтмурзаев Ташмур за (1965-67-окуу жылдары), биология илимдеринин кандидаты, доцент Ботбаева Мира Махмудовна (1967-73-окуу жылдары), экономика илимдеринин кандидаты Кулуев Раимкул (1973-77-окуу жылдары), философия илимдеринин кандидаты, доцент Жумагулов Сулайман (1977-86-окуу жылдары), философия илимдеринин кандидаты Анарбаев Арап (1986-92-окуу жылдары), тарых илимдеринин кандидаты, доцент Бешимов Бакыт Жолчубекович (1992-98-окуу жылдары). 1998-2004-жылдары химия илимдеринин доктору, профессор, КРнын УИАсынын академиги Мурзубраимов Бектемир Мурзубраимович, 2005-2010-жылдары техника илимдеринин доктору, профессор Орозбеков Мухтар Орозбекович. Азыркы мезгилде окуу жайын филология илимдеринин доктору, профессор Исаков Каныбек Абдуваситович жетектөөдө. Жогоруда саналган жетекчилердин ар бири окуу жайыбыздын калыптанышына зор салымдарын кошушкан.
       Ош МУнун девизи учурда “Кыргызстан үчүн күйүп жанып, таза иштей турган мезгил келди.”