Экономика жана пландоо бөлүмү
ПЛАНДОО – ЭКОНОМИКАЛЫК БӨЛҮМҮ.
9-июнь 2010- жылы №176/1 буйрука ылайык пландоо- экономикалык бөлүмдүн башчысы болуп Абдыкеримов А.А., дайындалып ушул мезгилге чейин эмгектенип келет.
Пландоо – экономикалык бөлүмдүн негизги функциясына бюджеттик жана атайын каражаттардын сметасын түзүү, акы төлөп билим берүүнүн (контракттын) өлчөмүн аныктоо, профессордук – окутуучу курамдын тарификациялык тизмесин иштеп чыгуу, университеттеги кызматчылардын эмгек акысын белгилөө жана төлөп берүү, окуу жайындагы айрым кыймылсыз мүлктөрдү келишимдин негизинде ижарага пайдаланууга берүү, контракттык төлөмдөрдүн эсебин алып баруу, бюджеттик жана атайын каражаттардын максаттуу ошондой эле сарамжалдуу пайдаланышын камсыз кылуу.
Бөлүмдүн миссиясы – университеттин бюджетинин кирешесин көбөйтүү, окуу жайдын өнгүүсүнө каржылык каражаттарды жана ресурстарды издөө жана тартуу, атайын каражаттарды натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу.
Жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин натыйжасында окуу жайынын экономикасы жана каржылык мүмкүнчүлүгү жогорулоодо, бул өз кезегинде окуу иштерин тиешелүү деңгээлде алып барууга, студенттерге жана эмгек коллективине керектүү шарттарды түзүп берүүгө жакшы өбөлгө болуп жатат. Натыйжада университеттин экономикасынын негизги багыттары боюнча оң кыймыл байкалат. Окуу жайынын жетекчилиги профессордук – окутуучу курамдын, жалпы эле жамааттын эмгек акысын жогорулатуу жана материалдык кызыкчылыгын көтөрүү багытында зарыл чараларды колдонуп келет.
Административдик башкаруу персоналынын (АПБ) орточо айлык акысы 2011-2012- окуу жылында 8550 сомго, 2012-2013- окуу жылында 9961 сомго барабар болгон. Ал эми окутуучу- профессордук курамдын (ОПК) орточо айлык акысы тиешесинче 8740 жана 9970 сомду,окуу көмөкчү персоналдардын (ОКП) орточо айлык акысы 5405 жана 5792 сомду, административдик чарба персоналдарынын (АЧП) орточо айлык акысы 4232 жана 4521 сомду түзгөн (график 1, таблица 2).
Таблица №2
Орточо айлык акы
(сом)
Аталышы 2008-2009 2009-20102010-2011 2011-2012 2012-2013 2013-2014
АБП (АУП) 7413 7476 7539 8550 9961
ОПК (ППС) 7432 7471 7510 8740 9970
ОКП (УВП) 3778 4331 4884 5405 5792
АЧП (АХЧ) 2986 3539 4092 4232 4521

Диаграмма № 5
Орточо айлык акынын өзгөрүү динамикасы.



Ош МУнун Административдик Кенешинде (2014-жыл, 21-январь, №15-протокол) "Негизги" "Профессордук- окутуучулук курамга, административдик-башкаруу, окуу-комокчу персоналдарга кошумча эмгек акы толоп беруу жонундо" жана "Ар турдуу" маселелерге кирген Ош Мунун кызматкерлерине материалдык жардам корсотуу деген маселер боюнча томондогу кабыл алынган чечимдер бекитилсин:

      I. Университетте билим беруунун денгээлин которуу, окутуунун сапатын жакшыртуу, ондуруштук иш каналардын, мекеме жана уюмдардын талабына ылайык адистерди даярдап чыгаруу, ошондой эле окутуучу-профессордук курамдын, административдик-башкаруу, окуу-комокчу персоналдарын тупку натыйжага болгон материалдык кызыкчылыктарын колдоо максатында, 2014-жылдын 1-февралынан баштап томондогудой олчомдо жана тартипте атайын каражаттардын эсебинен кошумча эмгек акы толонуп берилсин:
1. Профессордук-окутуучулук курамга 2014-жылдын 1-февралынан баштап
Кызмат орундары
Кызматтык оклад, сом. кошумча акы, сом.
проф., илимдин доктору
8000
4000
проф., илимдин кандидаты
7500
3500
проф., окмуштуулук даражасыз
7000
3300
доц., илимдин доктору
7500
3500
доц., илимдин кандидаты
7000
3500
доц., окмуштуулук даражасыз
6500
3000
улук окутуучу илимдин кандидаты
6500
3000
улук окутуучу, окмуштуулук даражасыз
6000
2500
окутуучу, илимдин кандидаты
6000
2500
окутуучу, окмуштуулук даражасыз
5500
2000
ассистент-стажер
5000
2000


            2. Административдик-башкаруу персоналдарга       Ректор, проректор, директорлорго, болум башчыларга(зав. отделдерден башкаларына)-кызмат окладдарына кошумча акы-50%, калгандарына-кошумча акы-40%.
  3. Окуу-комокчу персоналдарга кошумча акы кызмат окладдарына 20%