Максаттары жана милдеттери
• МИТ факультеттеги «Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо», «Информациялык системалар жана технологиялар», «Информацияларды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары», «Математика», «Информатика», «Колдонмо математика жана информатика», «Колдонмо информатика» адистиктеринде тиешелүү кафедралардын дисциплиналары боюнча лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактарды компьютердик класстарда ийгиликтүү өтүүсүн тейлөө; • МИТ факультенинен башка Дүйнөлүк тилдер, Исскуство, Физика-техника факультеттеринин адистиктеринин группаларын да компьютердик класстарда программалык жабдылыштар менен камсыздап тейлөө • МИТ факультетинин «ПОВТАС», «ИСТ», «АСОИУ» адистиктери боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо заманбап жана инновациялык технологияларын камсыздап берүү; • Студенттерге локалдык жана глобалдык тармакты ийгиликтүү уюштурп берүү; • Компьютердик класстарды регулярдуу түрдө заманбап программалык каражаттар менен камсыз кылуу; • Студенттердин практикалык жактан жеке компьютерди өздөштүрүүсүн камсыз кылуу жана заманбап информациялык технологияларды терең үйрөнүүгө өбөлгө түзүү; • Факультеттин студенттеринин өндүрүштүк практикасын жогорку деңгээлде уюштуруу; • МИТ факультетинин окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу өбөлгө түзүү; • Окуп-үйрөнүү, өндүрүштүк, квалификациялык жана диплом алдындагы практикаларды сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү;