Факультеттин турмушу
20013-14 окуу жылындагы аткарылган иш чаралар
2013-2014-жылынын сентябрь айында тарбия иштеринин планы иштелип чыгып факультеттин Окумуштуулар кеңешинде бекитилди. Ар бир тайпаларга кураторлор дайындалды, жана тайпаларга старосталар шайланды.Жуманын ар шейшемби күнү тайпаларда куратордук сабактар өтүлөт. Ар бир куратордук сааттарда кураторлор тайпа менен биргеликте темалар боюнча сааттарды өтүшөт.

Факультетте жаштар комитети түзүлгөн. Бул комитетте жаштар комитетинин төрагасы болуп 1-М-13 тайпасынын студенти Исмаилов Нурлан дайындалып студенттер менен тыгыз байланышта иш алып барууда. Ушул менен биргеликте комитетте ар турду секциялар иш алып барат. Ар бир секцияларга секторлор дайындалган.

Октябрь айында ОшМУнун стилдүү студенти 2013 сынагында факультеттин намысын коргоп 1-М тайпасынан Сапарбаев Эламан жана 1-ДК тайпасынан Курсант кызы Айчүрөк катышып жамаатка ийгиликтерди алып келишти, Курсант кызы Айчүрөк Гран-Принин ээси болсо, Эламан байгелүү орунга ээ болду.

Октябрь айынын акырында Ош шаардык нарко-диспансеринин башчысы А.Мухлисов менен жолугушуу болду. Октябрь айында биринчи курстардын студентикке кабыл алуу аземи болуп өттү.
Бул аземде 5-курстун студенттери 1-курстун студенттерин куттуктап, өздөрүнун чыгармалары, концерттик прогаммаларын белек кылышты.

Ноябрь айында белгилүү Кыргыз эл сүрөтчүсу Б.Жалиев чыгармачыл кечеси уюштурулду.Анда студенттер сүрөтчүнүн чыгармачыл жолун жана анын жаңы чыгармалары менен таанышып чыгышты, Ноябрь айында студенттер күнүнө карата факультетте ар түрдү конкурстар өткөрүлуп студенттер жакшы маанай менен майрамды белгилешти.Бул майрамда факультеттин деканаты, профкому жана жаштар комитетти тарабынан жакшы окуган студенттерге дипломдор менен баалуу белектер тапшырылды.

Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына карата иш чарада искусство факультетинин студенттери 1-даражадагы диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Студенттик күнгө карата «Ош МУнун мырзасы 2013» сынагында факультеттин намысын коргоп 1-М тайпасынын студенти Догдурбек II-орунду ээлеп диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болду. Андан кийин Декабрь айында ОшМУнун спорт аянтында 1-курстардын ичинде мини футбол боюнча мелдеш болуп өттү, бул мелдеште факультеттин курама командасы III-орунга ээ болду.Ушул эле айда Ош обласстык улуттук филармонияда ОшМУнун ШТК командаларын мелдеши болуп факультетин намысын коргоп “ДО” курама командасы катышып финалга жолдомо алышып, диплом жана акчалай сыйлыкка жетишишти.

Декабрь айынын этегинде жаңы жыл аземи болду. ОшМУнун башкы имаратында студенттик жаңы жыл майрам аземине алдынкы студенттерибиз катышышты.
Февраль айында ОшМУнун кышкы спорт аянтында ОшМУнун ректорунун кубогуна арналган стол тенниси боюнча окутуучулар Т.Жумакулов ,Н.Кенешова Р.Гапаровдор факультеттин намысын коргошту.
8-март аялдардын майрамына карата 3 курстун студенти Бабур театрында өзүнүн жеке концерти менен куттуктады.

Март айында ОшМУнун «Идеалдуу түгөйлөрү» конкурсу өттү. Искусствонун намысын коргогон студенттер Раманов Имилямин, Абдирасулова Элизалар,» ОшМУнун идеалдуу түгөйлөрү» наамына ээ болуп,гран-приге ээ болушту.