Профориентациялык иштер
2022-жылдын 13-майында Алай районунун мектептерине кесипке багыттоо жумуштарын жүргүзүугө факультеттин окутуучулук курамы менен бирге алгебра жана геометрия кафедрасынын окутуучусу Мустапакулова Ч.А. барышты


Б Алгебра жана геометрия кафедрасынын кесипке багыт берүү үчүн буклети


ОшМУда профориентация иштерин улантып, Кара-суу райондук билим берүү бөлүмүндө болдук, орус тилдүү математика мугалимдерди даярдап берүү боюнча келишимдер түзүлдү.


Профориентациялык иштер боюнча 2019-жылдын 13-декабрында ОшМУнун алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Г. Матиева, улук окутуучусу Селиванова Н.С., кафедра башчысы Т.М. Папиевалар Алай жана Араван райондорунун Билим берүү бөлүмдөрүндө келишимдерди түзүп келишти.


Бакалавриат (4 жыл)

1) 550200. Физика-математикалык билим берүү программасы (негизги тест, математика). Профили:

  • “Математика”

Бакалавр багытынын күндүзгү (бюджеттик же контракттык негизде), дистанттык (контракттык негизде) бөлүмдөрүнө ЖРТнын негизинде кабыл алынат.

Бул адистик педагогика багытындагы адистиктерге кирет.

Студенттер Алматы, Новосибирск, Белгород, Караганда, Москва, Санкт-Петербург, Бишкек, Үрүмчү шаарларында 6 айдан 1 жылга чейин академиялык мобилдүүлүк алкагында билим алса болот.

Магистратура (2 жыл)

2) 510100. Математика (Бакалавр же адистик квалификациясынын негизинде кабыл алынат). Профили:

  • “Математика”.

ОшМУнун магистранттарынын башка өлкө-лөрдөгү окуу жайларда 6 ай же 1 жыл окуп келсе, эки диплом алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Кесипке багыттоо боюнча суроолор

1. ОшМУнун жогорудагы көрсөтүлгөн адистиктеринин бюджеттик жана контракттык бөлүмдөрүнө кантип тапшырууга болот?

Жооп: Жогорудагы көрсөтүлгөн бакалавр багытынын бюджеттик жана контракттык бөлүмдөрүнө тапшыруу үчүн негизги жана кошумча тесттеги баллдары КРнын Билим берүү жана илим министрлиги белгилеген босоголук (пороговый) баллдардан кем эмес б.а. негизги тест: 110 баллдан, кошумча тест: 60 баллдан кем эмес болуш керек.

2. Математик-мугалим болуу дегенди кандай түшүнсө болот?

Жооп: “Ким математиканы бала чагынан үйрөнүп баштаса, ал көңүлдү борболоштурууну үйрөтөт, акыл-эсин, эркин машыктырат, коюлган максатына жетүү үчүн өзүндөгү тырышчаактыкты жана өжөрлүктү тарбиялайт”, - деп улуу педагог А.Маркушевич айткандай математика мугалими окуучуга математикалык билимдерди гана бербестен, анда ар тараптуу инсандык касиеттерди тарбиялайт жана калыптандырат.

3. Эгерде “Математика” багытын жана программасын бүтүрсө, кандай кызматтарда иштей алат?

Жооп: “Математика” багытынын бүтүрүүчүлөрү орто мектептин математика мугалими, билим берүү башкармалыктарында жетектөөчү адис, жогорку окуу жайынын математика окутуучусу, колледждердин математика окутуучусу сыяктуу кызмат орундарында иштей алышат.

Бул багытынын бүтүрүүчүсү математикалык терең билимге жана жогорку логикалык ой жүгүртүү деңгээлине ээ болгондуктан, ал кыска мөөнөттөгү ар түрдүү курстар аркылуу башка кесиптерди жеңил үздүштүрүү менен өзүнүн иш-аракет чөйрөсүн кеңейте алат.