Тарыхы


Алгебра жана геометрия кафедрасы

Кафедранын девизи: “Шакирттен эмес, устаттан үйрөнүү керек” (Нильс Хенрик Абель)

1. Кыскача тарыхы

Алгебра жана геометрия кафедрасы 1971-жылы негизделген. Анын биринчи мүчөлөрү: Т. Мамуров, Д. С. Мустафин, Т. Чынкараев, С.Л.Кравченко, Н. И. Сабирова, Н. С. Селиванова. Кафедра негизделген күндөн баштап аны ф.-м.и.к., доцент Т. Чынкараев жетектеген.

1972-1979-жылдары кафедра башчысы болуп ф.-м.и.к. Д. С. Мустафин эмгектенген. Бул мезгилдерде кафедрада Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу, бир топ орден-медалдардын ээси Т. Мамуров, С. Л. Кравченко, Н. С. Селиванова, С. Сатымкулов, Б. Акматов, Т. Борубаев, К. Тажибаев иштешкен жана физика-математика факультетинин бүтүрүүчүлөрү катары бүгүнкү күндөгү ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, ф.-м.и.к., доцент, Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты А.О. Абдувалиев, ф.-м.и.д., жогорку математика кафедрасынын башчысы, проф. Ж. Сатаров, ф.-м.и.д., алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы, профессор Г. Матиева, доценттер Ж. Сагындыков, Ж. Токтосунов, Кыргыз-Өзбек университетинин проректору, доцент Т. Исаков, доцент А.Кыбыраев жаш адис катары эмгек жолдорун ушул кафедрадан башташкан. Кыргыз мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү К.Раев, Новосибирск университетинин бүтүрүүчүсү, ф.-м.и.к., доцент, Москва мамлекеттик социалдык университетинин Оштогу филиалынын директору С.Турдубаев да алгебра жана геометрия кафедрасында эмгектенишкен.

1979-1985-жылдары кафедраны ф.-м.и.к., доцент Г. Маматурдиев, ал эми 1985-жылдан 1991-жылга чейин ф.-м.и.к., доцент Ж. Сатаров жетектеген. Бүгүнкү күндө Ж. Сатаров биздин өлкөдөгү алгебра боюнча жалгыз илимдин доктору, профессор болуп эсептелет.

1991-жылдан 2018-жылдын 1-февралына чейин алгебра жана геометрия кафедрасын ф.-м.и.д., профессор Г. Матиева жетектеген. Ал учурда дифференциалдык геометрия багытындагы илимдин доктору даражасына ээ болгон жалгыз адис. Бүгүнкү күндө ал Ош мамлекеттик университетинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүнүн Жаратылыш байлыктары инситутунун жана Жала-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы К 01.17.554 диссертациялык кеңешинин төрайымы, Дүйнөлүк окумуштуу аялдардын уюмунун мүчө-корреспонденти.

2018-жылдын 1-февралынан тартып азыркы күнгө чейин кафедраны ф.-м.и.к., доцент Папиева Толкун Маматаевна жетектеп келүүдө.

2007-2008-окуу жылынан бери кафедрада КУИАнын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстан математиктер уюмунун вице-президенти, Америкадагы “Математика жана статистика” журналынын редколлегиясынын мүчөсү, ф.-м.и.д., профессор К. Алымкулов эмгектенип келүүдө. Ал КУИАнын математика институтунун жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин алдындагы Д 01. 17. 560 диссертациялык кеңештин мүчөсү катары жогорку квалификациядагы илимий кадрларды даярдоого өз салымын кошуп келүүдө.

Кафедра төмөндөгүдөй үч багытта илимий-изилдөө иштерин алып барат:

1) Евклиддик мейкиндикте беттерди чагылтуунун касиеттери (жетекчиси: ф.-м.и.д, профессор Матиева Г., аткаруучулар: Борбоева Г.М., Папиева Т.М., Курбанбаева Н.Н., Абдуллаева Ч.Х., Артыкова Ж.А., Сейитказыева Г.И., Мустапакулова Ч.А., Арап кызы Т., Каныбек кызы А.);

2) Кичине параметри жана өзгөчө чекитке ээ болгон сингулярдык козголгон кадимки жана жекече туундулуу дифференциалдык теңдемелер (жетекчиси: ф.-м.и.д, профессор Алымкулов К., аткаруучулар: Турсунов Д.А., Азимов Б.А., Кожобеков К.Г.);

3) ЖОЖдордо математикалык дисциплиналарды окутууда жаңы технологияларды колдонуунун өзгөчөлүктөрү (жетекчиси: ф.-м.и.д., проф. Матиева Г., аткаруучулар: Селиванова Н.С., Борбоева Г.М., Папиева Т.М.).

Профессор Г. Матиеванын илимий изилдөө иштеринин жыйынтыктары көптөгөн эл аралык (Москва, СССР 1983, 1984, Таллин, Эстония 1984; Кишинев, Молдавия 1988; Казань, Татарстан 1992, Триесте, Италия 1997; Самос, Греция 1998; Бишкек 2000; Бишкек 2001, Бишкек 2006, 2007, 2008, 2010, 2011, 2013, 2014, 2015, 2016, 2017, Алматы 2009, Астана 2012, Украина 2018, Малазия 2018) жана регионалдык конференцияларда баяндалып, жарыкка чыккан.

Кафедранын мүчөлөрү Г. Матиева, К. Алымкулов, Г. Борбоева Алматы шаарында өткөрүлгөн “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн математиктеринин бүткүл дүйнөлүк III конгрессине” (01.07.-04.07.2009); проф. К. Алымкулов 2009-жылы МГУда өткөрүлгөн С. Садовничийдин 70 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференцияга; проф. Г. Матиева, проф. К. Алымкулов, Т.М. Папиева “Математикадагы асимптотикалык, топологиялык жана компьютердик методдор” деген темадагы Кыргыз-Орус славян университети тарабынан өткөрүлгөн III эл аралык конференцияга (08.09-12.09.2010); Баку шаарында өткөрүлгөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн математиктеринин бүткүл дүйнөлүк IV конгрессине (03.07-05.07.2011) проф. К.Алымкулов; “Математикадагы асимптотикалык, топологиялык жана компьютердик методдор” деген темадагы IV эл аралык конференцияга (13.09-16.09.2011), КРСУнун 20 жылдыгына жана Я. Быковдун 100 жылдыгына арналган экинчи эл аралык конференцияга (03.09-08.09.2013), Ысык-Көлдүн Булан-Соготту айылында өткөрүлгөн түрк тилдүү математиктердин дүйнөлүк V конгрессине (04.06.-08.06.2014), күндөрү Ысык-Көлдүн Булан-Соготту айылында өткөрүлгөн математиктердин биринчи Ыссык-Көл форумуна (24.06-27.06.2015) профессорлор Г. Матиева, К.Алымкулов, доценттер Г.М. Борбоева, Т.М. Папиевалар катышып, доклад жасап келишкен.

Кафедранын профессору К. Алымкулов 2010-жылдын 15-июнунда КУИА нын мүчө корреспонденти болуп шайланган жана 2011-жылы ага КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган. Профессор К. Алымкуловдун жетекчилиги алдында 01.01.02-дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу адистиги боюнча окуучулары Д.А.Турсунов (2014-ж., ОшМУнун профессору) доктордук, ал эми А.З. Зулпукаров (2009-ж., учурда Кыргыз-Өзбек университетинин проректору), Ч.Х. Абдуллаева (2014-ж., КУУнун Социалдык колледжинин директорунун орун басары), А.А. Халматов (2015-ж., КУУнун доценти), Б.А. Азимов (2017-ж., ОшМУнун ЖОЖго даярдоо борборунун директору), М.К. Омуралиев (2018-ж., Коомдук өнүктүрүү жана ишкердик институтунун доценти) кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошкон.

Кафедранын тарыхында кафедранын аспиранты Г. Борбоева профессор Г.Матиеванын жетекчилиги астында биринчи болуп 2009-жылы “01.01.04. – геометрия жана топология” адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон. Профессор Г. Матиеванын жетекчилигинин алдында 01.01.04 геометрия жана топология адистиги боюнча окуучулары Т.М. Папиева (2013-ж., темасы: “Геометрия частичных отображений евклидовых пространств, порождаемых циклической сетью Френе”), Ж.А. Артыкова (2014-ж., темасы “Геометрия отображений многомерной поверхности в плоскость такой же размерности в евклидовом пространстве”), Н. Н. Курбанбаева (2016-ж., темасы: “Двойные линии частичного отображения пространства , порождаемого заданным семейством гладких линий”) кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошкон.

Бүгүнкү күндө кафедра мүчөлөрү тарабынан 4 монография, 20 окуу-усулдук колдонмо, 400дөн ашуун илимий-усулдук макала жарыкка чыккан.

Университеттер аралык өз ара тажрыйба алмашуу проектиси боюнча Г.Матиева 1996-жылы АКШнын Портленд университетинде стажировкадан өткөн. Ал эми 1997-жылы математик окумуштуу аялдардын илимий иштеринин конкурсунун жеңүүчүсү катары ЮНЕСКОну грантына татыктуу болгон жана Эл Аралык Теориялык Физика Борборунда (Италия, Триест шаары) илимий стажировкада болгон жана Европанын математик аялдарынын уюмунун 8-эл аралык илимий конференциясына катышкан. Ушул эле жылы Г. Матиева Будапешт шаарында “Сынчыл ойлоону өстүрө тургандай окуу жана жазуу” аттуу эл аралык программа боюнча өткөрүлгөн семинарга катышкан. 2001-жылдын май айында Г.Матиевага бул багыттагы иштеринин жыйынтыгы боюнча аталган программанын эл аралык тренери наамы ыйгарылган. 1999-жылдан баштап профессор Г. Матиева республикабыздын түштүк региону боюнча орто мектептердин жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери үчүн окутуунун жаңы технологиялары боюнча семинарларды уюштуруп өткөрүп келүүдө.

Кафедра мүчөлөрү окутуунун жаңы технологияларын лекциялык жана практикалык сабактарында гана колдонуу менен чектелбестен, тарбиялык иш-чараларды өткөрүүдө жана студенттердин өз алдынча иштөөсүн уюштуруп, жыйынтыгын текшерип алуу үчүн да ийгиликтүү колдонуп келе жатышат.

2004-2005-окуу жылында Г.М. Борбоева, 2006-2007-окуу жылында Т.М. Папиева ОшМУнун “Мыкты окутуучусу” конкурсунда 1-орунга, 2007-2008-жана 2010-2011-окуу жылдарында Н. Селиванова “Мыкты окуу усулдук комплекс”, 2010-2011-окуу жылында Г.М. Борбоева “ОшМУнун мыкты лектору” конкурстарында 2-орунга ээ болушту. Кафедра 2006-2007-окуу жылында “Мыкты кафедра”, ал эми 2009-2010-окуу жылында “Мыкты окуу-усулдук комплекс” конкурстарында 2-орунга ээ болгон. 2018-жылы илим күнүнө карата “Мыкты окуу колдонмо” конкурсунда биринчи орунду ээлегени үчүн профессор Г. Матиева жана доцент Г.М. Борбоева тарабынан жарыкка чыккан “Сүрөттөлүштөр методдору” аттуу окуу-колдонмосу I даражадагы диплом менен, ал эми сыйланган.

2. Азыркы учурда аткарып жаткан миссиясы:

Факультеттин курамындагы бардык кафедралар менен бирдикте жоопкерчиликтүү, мобилдүү, атаандаштыкка туруштук бере ала тургандай, чыгармачылык менен өзүн-өзү реализациялоого даяр адистерди даярдоо.

3. Профессордук-окутуучулук курамы жана сапаттык көрсөткүчү:

Учурда кафедрада 2 илимдин доктору, профессор, 3 илимдин кандидаты, доцент, 1 илимдин кандидаты-окутуучу, 1 улук окутуучу, 3 окутуучу эмгектенүүдө. Кафедранын сапаттык көрсөткүчү 67% түзөт.

1. Матиева Гулбадан – ф.-м.и.д., профессор;

2. Алымкулов Келдибай – КР УИАнын мүчө-корр., ф.-м.и.д., профессор;

3. Селиванова Нина Сергеевна – улук окутуучу;

4. Борбоева Гулниса Маматкановна – ф.-м.и.к., доцент;

5. Папиева Толкун Маматаевна – ф.-м.и.к., доцент, кафедра башчысы;

6. Курбанбаева Нуржамал Нажимидиновна – ф.-м.и.к., доцент;

7. Абдуллаева Чолпонай Хабибуллаевна – ф.-м.и.к., окутуучу;

8. Мустапакулова Чолпон Абакуловна – окутуучу;

9. Каныбек кызы Айгерим – окутуучу, кафедранын улук лаборанты;

10. Арап кызы Таттыбубу – окутуучу.

Структурадагы сыймыктуу кадрлар (илимдин доктору, профессор, академиктер, КРдин мамлекеттик сыйлык ээлери ж.б.) жөнүндө маалымат:

Кафедрада эки физика-математика илимдеринин доктору, профессорлор эмгектенишет: Алымкулов Келдибай – КР УИАнын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, ЖОЖдордун ассоциациясынын “Хан теңири” сыйлыгынын ээси, Матиева Гулбадан – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасынын, “Датка айым” медалынын ээси.

1) Матиева Гулбадан – Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы (2016), Областтык администрациясынын Ардак грамотасы (2001, март; 2001, октябрь), “Мыкты окуу усулдук колдонмо – 2018” I даражадагы диплом (2018);

2) Алымкулов Келдибай – Ош Мамлекеттик Университетинин Ардак грамотасы, эмгек сиңирген ишмер – төш белгиси (2013), Областтык администрациясынын Ардак грамотасы (2008), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (1995), “Билим берүүнүн мыктысы” (1998);

3) Селиванова Нина Сергеевна – Ош Мамлекеттик Университетинин Ардак грамотасы, эмгек сиңирген ишмер – төш белги (2013), Областтык администрациясынын Ардак грамотасы, ОшМУнун Ардагери (2014), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамота (1999), “Билим берүүнүн мыктысы”(2001);

4) Борбоева Гулниса Мамамткановна – Ош Мамлекеттик Университетинин Ардак грамотасы (2008, 2009), Областтык администрациясынын (2012) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (2016), “ОшМунун эң мыкты окутуучусу” (2005); “ОшМУнун мыкты куратору” (2010), Ош областы, Универсиада, шахмат боюнча I даражадагы диплом, КР универсида, шахмат боюнча III даражадагы диплом, “ОшМУнун Мыкты лектору” конкурсунда I даражадагы диплом (2012);

5) Папиева Толкун Маматаевна – Ош Мамлекеттик Университетинин Ардак грамотасы (2006, 2014), Шаардык мэриянын Ардак грамотасы (2016), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (2017), Эмгек китепчесине жазылган алкыш (2003); “ОшМУнун эн мыкты окутуучусу” конкурсунда I даражадагы диплому (2007); “ОшМУнун мыкты куратору – 2011” II даражадагы диплом, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен Ош шаарында басмадан чыккан “Электромагнетизм, оптика, квант физикасы, салыштырматуулук теориясынын элементтери (Физика 2-китеп)” окуу колдонмосу I даражадагы диплом (2018);

6) Курбанбаева Нуржамал Нажимидиновна – Ош Мамлекеттик Университетинин Ардак грамотасы (2009), Шаардык мэриянын Ардак грамотасы (2013), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (2016).