Окутуучулардын илимий изилдєє иштери


Корголгон кандидаттык диссертациялар

Ф.А.А.

Темасы

Коргогон жери, датасы

Бекитилген датасы

1.

Зулпукарова Дамира Исмаиловна

Башталгыч класстардын математика сабагында компьютердик технологияларды

колдонуунун дидактикалык негиздери

Бишкек шаары, Кыргыз билим берїї Академиясы 20.01.2015

21.05.2015 протокол

№5к-1/22

2.

Кедейбаева Дильбара Арсаталиевна

Педагог - бакалавларга математика курсун окутууну жаўылоонун дидактикалык негиздери

Бишкек шаары, Кыргыз билим берїї Академиясы, 24.04.2015

26.11.2015

3.

Тойгонбаева Айзат Куралбековна

Биринчи тїрдєгї Фредгольм-Стильтьестин интегралдык теўдемелеринин чечимдеринин регуляризациясы жана жалгыздыгы.

Ош шаары, ОшМУ,

22.05.2015

31.03.2016

4.

Атырова Рахат

Сулаймановна

Жергиликтїї базальтты колдонуу менен керамикалык материалдардын жана жасалгалардын технологиясын иштеп чыгуу

Ош шаары, ОшМУ,

28.09.2015


      Окутуучулардын илимий-изилдєє иштери

      Алгебра жана геометрия кафедрасында 2015-жылы кафедрага «Берилген Френенин торчосу тарабынан жаратылган кубулган бєлїктєп чагылтуулардын геометриясы» темада илимий иши бекитилген.

      Алынган жыйынтыктар негизинен теориялык мїнєзгє ээ жана аларды катмарланган кєп тїспєлдїїлїктєрдїн геометриясындагы жана кєп тїспєлдїїлїктєрдєгї торчолор теориясындагы изилдєєлєргє колдонуу мїмкїн. Андан сырткары графтар теориясында жана компьютердик геометрияда колдонулушка ээ.

      Андан сырткары 2015-жылдын башынан тартып Кыргыз Республикасынын илим жана илимий-техникалык изилдєєлєр башкармалыгы тарабынан каржыланган тємєнкї эки тема боюнча кафедра мїчєлєрї иш алып барышты:

1) “Берилген бєлїштїрїї тарабынан жаратылган евклиддик мейкиндиктин торчолору жана бєлїштїрїп чагылтууларынын геометриясы”. Жетекчиси: профессор Г. Матиева, аткаруучулар: Г. Борбоева, Т. Папиева, Ж. Артыкова ж.б.

2) “Структуралык жалгаштыруу методу жана бисингулярдуу козголгон дифференциалдык теўдемелери їчїн жалпыланган методу”. Жетекчиси: К. Алымкулов, аткаруучулар: Турсунов Д., Сопуев А., Азимов Б. Эркебаев ж.б.

      2015-жылдын 19-декабрында бул илимий темалардын жыйынтыктары боюнча отчеттору корголуп, тапшырылган.

      Математикалык анализ кафедрасында 2012-жылынын 20-апрелинде бекитилген 02№0005725 номери менен катталган «Сингулярдык козголгон дифференциалдык теўдемелердин чечимдерин изилдєє жана аларды прикладдык маселелерде колдонуу» темасы боюнча илимий изилдєє иши жїргїзїлдї. Изилдъъ иштерин жїргїзїїчїлєр: ф.-м.и.д.,профессор С.Каримов, ф.-м.и.к.,доцент: Анарбаева Г.М., 5 ага окутуучу: Маматкулова М.М., Тойгонбаева А.К., Камбарова А.Д., Акматов А.А., АбдилазизоваА.А. жана улук лаборант Замирбек кызы Н.

      Максаты жана милдеттери:

- Єздїк маанилердин жалпыланган учурларында сингулярдык козголгон теўдемелер системасынын чечиминин асимптотикалык баасын алуу;

- Сингулярдык козголгон дифференциалдык теўдемелер системасынын

чечимин єзгєчє критикалык учурларда асимптотикалык баалоо;

- сызыктуу жана сызыктуу эмес сингулярдык козголгон кадимки дифференциалдык теўдемелер їчїн коюлган баштапкы маселенин

туруктуулугун изилдєє.

- туруктуулук шарты бузулган учурда кичине параметрди кармаган кадимки дифференциалдык теўдемелер системасынын чечиминин асимптотикасын тургузуу;

- туруксуз областта сингулярдык козголгон сызыктуу дифференциалдык теўдемелер системасынын чечиминин асимптотикасын изилдєє;

- чечимдин кармалуу убактысын аныктоо;

- чечим чектелген областты методун кєрсєтїї;

- оптималдуу интегралдоо жолдорун тандоо;

Актуалдуулугу

      Кєптєгєн физикалык маселелердин чечилиши дифференциалдык теўдемелерге келтирилет.Тактап айтканда жєнєкєй чєйрєдє газдын турбадагы кыймылы жєнїндєгї маселе,кванттык физиканын маселелери жана башка ушул сыяктуу физикалык процесстерди изилдєє сингулярдык козголгон маселелерди чечїїгє келтирилет. Четки маселелер чектик жана баштапкы болуп эки бєлїктєн турат. Экинчи бєлїккє сингулярдык козголгон дифференциалдык теўдемелер їчїн баштапкы маселелер кирет.Бул жїргїзїлгєн жумуштардагы изилдєєлєр математиканын теоретикалык єнїгїїсї їчїн актуалдуу болуп саналат.Ошондуктан, сингулярдык козголгон дифференциалдык теўдемелердин чечиминин асимптотикасын изилдєє проблемасы актуалдуу проблемалардан болуп эсептелинет.

Изилдєє методдору жана обьектиси

а) Сингулярдык козголгон кадимки дифференциалдык теўдемелердин системасынын чечиминин асимптотикалык баалоодо «деўгээл сызыктар», «уюлдук координаталарга єтїї» б.а «координаталар методу», «удаалаш жакындашуулар» жана «индукция методдору колдонулду.

б) Сызыктуу жана сызыктуу эмес сингулярдык козголгон кадимки дифференциалдык теўдемелер жана теўдемелер системасы їчїн баштапкы маселенин чечиминин туруктуулугун изилдєє болуп эсептелинет.

      Программалоо кафедрасында эки багытта илимий-изилдєє иштери жїргїзїлєт:

1-тема. Жекече туундулуу дифференциалдык теўдемелер їчїн тїз жана тескери маселелер. Жетекчиси – ф.-м.и.д., проф. Сопуев А.;

Профессор Сопуев А.

Тема 1.1. Їчїнчї жана тєртїнчї тартиптеги жекече туундулуу теўдемелер їчїн тїз жана тескери маселелер .

Максаты : Їчїнчї жана тєртїнчї тартиптеги жекече туундулуу дифференциалдык теўдемелер їчїн чек аралык маселелердин чечимдеринин жашашын жана жалгыздыгын, туруктуулугун далилдєє, сандык чечимдерин алуу жана графиктерин тургузуу, алынган жыйынтыктарды практикалык маселелерди чечїїдє колдонуу.

Доцент Асылбеков Т.Д.

Тема 1.2. Эселїї характеристикасы бар тєртїнчї тартиптеги гиперболалык теўдемелер їчїн тїз жана тескери маселелер.

Максаты : тєртїнчї тартиптеги дифференциалдык теўдемелер їчїн локалдык, локалдык эмес чек аралык маселелердин чечимдеринин жашашын жана жалгыздыгын, туруктуулугун классикалык, сандык методдор менен далилдєє, сандык чечимдерин алуу жана графиктерин тургузуу, алынган жыйынтыктарды практикалык маселелерди чечїїдє колдонуу.

Доцент Кожобеков К. Г.

Тема 1.3. Їчїнчї тартиптеги аралаш типтеги жекече туундулуу дифференциалдык теўдемелер їчїн четтик маселелер.

Максаты: їчїнчї тартиптеги аралаш типтеги теўдемелер їчїн четтик маселелерди корректїїлїгїн далилдєє.

Изилдєє обьектиси: їчїнчї тартиптеги сызыктуу жана сызыктуу эмес аралаш типтеги жекече туунду дифференциалдык теўдемелер.

Улук окутуучу Аркабаев Н.

Тема 1.4. Тєртїнчї тартиптеги жекече туундулуу дифференциалдык теўдемелер їчїн чек аралык маселелерди чечїї

Максаты : тєртїнчї тартиптеги дифференциалдык теўдемелер їчїн корректїї чек аралык маселелерди коюу, алардын чечимдеринин жашашын жана жалгыздыгын далилдєє, сандык чечимдерин алуу жана графиктерин тургузуу, алынган жыйынтыктарды практикалык маселелерди чечїїдє колдонуу.

Окутуучу Токторбаев А. Илимий жетекчиси: ф.-м.и.д. профессор Искендерова Д.А.

Тема 1.5. Газдардын таасир берїїчї аралашмасынын теўдемелери їчїн Коши маселесинин чечилиши.

Максаты : Газдардын таасир берїїчї аралашмасынын теўдемелери їчїн корректїї чек аралык маселелерди коюу, алардын чечимдеринин жашашын жана жалгыздыгын далилдєє, сандык чечимдерин алуу жана графиктерин тургузуу, алынган жыйынтыктарды практикалык маселелерди чечїїдє колдонуу.

2-тема. Окутуунун интерактивдїї методдорун єркїндєтїї. Жетекчиси – ф.-м.и.д., проф. Cопуев А.

Улук окутуучу Абдугулова Г.С.

Тема 2.1. Азыркы мектептеги математика курсун дїйнєлїк деўгээлге жакын єнїктїрїїнїн проблемалары.

Максаты : Азыркы мектептеги математика курсунун абалынан ализдєє; Кыргызтанда математикалык билим берїїнїн єнїгїї аспекттерин иштеп чыгуу.

      ИТАС кафедрасында эки багытта илимий-изилдєє иштери жїргїзїлєт:

1-тема. Жекече туундулуу дифференцииалдык теўдемелер їчїн тїз жана тескери маселелер. Жетекчиси ф.-м.и.д., проф. Сопуев А.

2-тема. Жогорку окуу жайдагы окутуунун жаўы технологиялары. ф.-м.и.к. доцент Осмоналиев А.Б.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамынын сапаттык кєрсєткїчї 23% тїзєт. Кафедранын окутуучулары: Беделова Н., Кудуев А., Молдояров У. Кандидаттык диссертацияларын коргоого чыгуу алдында турушат.

Доцент Осмоналиев А.Б.

Тема: . Тєртїнчї тартиптеги жекече туундулардагы гиперболикалыктиптеги теўдемелер їчїн чектик маселелер.

Шифр: 01.01.02

Иштин максаты: Тєртїнчї тартиптеги жекече туундулардагы гиперболикалыктиптеги теўдемелер їчїн чектик маселелердин чеимдеринин жашашын, жалгыздыгын жана туруктуулугун далилдєє. Бир нече ар тїрдїї гиперболалык типтеги жекече туундулуу гиперболалык типтеги теўдемелер їчїн коюлган чектик маселелердин сандык чечимдерин алуу жана графиктерин тургузуу.

Изилдєє объектиси: Тєртїнчї тартиптеги жекече туундулардагы гиперболикалыктиптеги теўдемелер їчїн коюлган маселелер.

Алынган жыйынтыктар: Конференцияларда докладдар менен чыгуу.

Доцент Чамашев М.К.

Тема: Тєртїнчї тартиптеги гиперболикалык теўдемелер їчїн локалдык эмес жана тескери маселелер

Шифр: 10.01.02

Иштин максаты: тєртїнчї тартиптеги дифференциалдык теўдемелер їчїн локалдык эмес чек аралык маселелердин чечимдеринин жашашын жана жалгыздыгын, туруктуулугун классикалык, сандык методдор менен далилдєє, сандык чечимдерин алуу жана графиктерин туругузуу, алынган жыйынтыктарды практикалык маселелерди чечїїдє колдонуу.

Улук окутуучу Кудуев А. Ж.

Тема: Мультивейвлеттерди колдонуу менен санариптик маалыматтарды иштеп чыгуу алгоритмин оптималдаштыруу.

Шифр: 05.13.01

Системалык анализдєє, маалыматты башкаруу жана иштеп чыгуу

Жумуштун максаты: Санариптик информацияларды иштеп чыгуунун мультивейвлет алгоритмдерин талдап иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу

Изилдєє методикасы : Коюлган маселени чечїї їчїн вейвлеттер назарияты, В-сплайндар назарияты, айырмалык катыштагы теўдемелердин назарияты, андан сырткары компьютердеги сандык моделдєє методдору колдонулду.

Алынган жыйынтыктар: Жумуштун негизги жыйынтыктары Томск мамлекеттик университетинин механика-математикалык факультетинин эсептєє математика жана компьютердик моделдєє кафедрасынын илимий семинарларында (жетекчи проф. Старченко А.В.), Томск мамлекеттик университетинин колдонмо математика жана кибернетика факультетинде (жетекчи проф. Горцев А.М.), Томск мамлекеттик архитектура-курулуш университетинин колдонмо математика кафедрасында (жетекчи проф. Колупаева С.Н.), РИА Сибирь бєлїмїнїн математика институтунун сандык методдор лабораториясында (жетекчи доц. Мирошниченко В.Л.) угузулган жана талкуу кылынган.

Улук окутуучу Беделова Н.С.

Тема: «Вольтер-Стильтьестин їчїнчї тїрдєгї интегралдык теўдемесинин чечиминин жалгыздыгы жана регуляризациялоо»

Шифр: 01.01.02

УДК 517.968

Киришїї. Жалпы учурда Вольтер-Стильтьестин интегралдык теўдемеси Вольтердин интегралдык теўдемесине кошулбайт, Стильестин интегралы Римандын жана Лебегдин интегралдарына туура келбегендей, Стильтьестин интегралдык теўдемеси кєп учурда Вольтердин теўдемесине кошулбайт. Ошондуктан Вольтер-Стильестин интегралдык теўдемесин їйрєнїї єзїнчє кызыгууну пайда кылат.

Актуалдуулугу. Вольтер-Стильестин їчїнчї тїрдєгї сызыктуу жана сызыктуу эмес интегралдык теўдемелери жана алардын системаларынын чечиминин жалгыздыгы жана регуляризациялоо їчїн жаўы ыкмаларын иштеп чыгуу проблемаларынын талаптары келип чыгат. Бул проблеманы чечїї їчїн М.М. Лаврентьев боюнча регуляризациялоо операторлору тїзїлгєн жана жалгыздык теоремасы далилденген.

Жумуштун максаты:

- Вольтер-Стильтьестин їчїнчї тїрдєгї сызыктуу интегралдык теўдемелеринин жана алардын системаларынын чечиминин жалгыздыгынын жетишээрлик шартын алуу;

–Волтер-Стильтьестин їчїнчї тїрдєгї сызыктуу эмес интегралдык теўдемелеринин жана алардын системаларынын чечиминин жалгыздыгынын жетишээрлик шартын алуу;

–Вольтер-Стильтьестин їчїнчї тїрдєгї сызыктуу интегралдык теўдемелеринин жана алардын системалары їчїн регуляризациялоо операторун тїзїї;

–Вольтерра-Стильтьестин їчїнчї тїрдєгї сызыктуу эмес интегралдык теўдемелеринин жана алардын системалары їчїн регуляризациялоо операторун тїзїї.

Изилдєє методика сы . Жумушта М.М. Лаврентьевдин регуляризациялоо методу, функционалдык анализдин методдору колдонулду.

Жыйынтыктар. Вольтер-Стильтьестин їчїнчї тїрдєгї сызыктуу интегралдык теўдемелердин жана алардын системаларынын чечиминин жалгыздыгы жана регуляризациялоонун жетишээрлик шарттары табылды; Вольтер-Стильестин їчїнчї тїрдєгї сызыктуу жана сызыктуу эмес интегралдык теўдемелеринин жана алардын системаларынын чечими їчїн М.М. Лаврентьев боюнча регуляризациялоочу оператор тїзїлдї; Вольтер-Стильтьестин їчїнчї тїрдєгї сызыктуу интегралдык теўдемесинин бир классында алардын чечими їчїн регуляризациялоонун параметрин тандоо каралган. Вольтер-Стильтьестин їчїнчї тїрдєгї сызыктуу жана сызыктуу эмес интегралдык теўдемелери жана алардын системалары їчїн чечимдин жалгыздыгынын теоремасы далилденген.

Окутуучу Атырова Р. С.

Тема: Жергиликт базальтты колдонуу менен керамикалык материалдардын жана жасалгалардын технологиясын иштеп чыгуу

Шифр: 01.04.07

УДК 552.313.+666.3/.7+ 575.2

Изилдєє объектиси : Сулуу-Терек жерлигиндеги базальт, базальттын негизиндеги єтє ичке була, карапа жасалуучу топурак.

Изилдєєнїн предмети: базальттын негизинде керамикалык композициондук материалдар жана жасалгалар.

Изилдєєнїн максаты: Жергиликтїї базальтты колдонуу менен керамикалык материалдардын жана жасалгалардын технологиясын изилдєє жана иштеп чыгуу.

Изилдєєнїн ыкмалары: Изилдєє регрессиондук анализ методу, эн кичине квадраттар методу, жылылуук єткєрїмдїїлїк коэффициенттин эксперименталдык жана эсепттик (расчеттук) методдору, механикалык жана электрофизикалык сыноо методдорун колдонуу менен жїргїзїлдї.

Изилдєєнїн илимий жаўылыгы:

керамикалык композиттерди алуу максатында базальттык булалардын курамынын жана тїзїлїшїнїн єзгєчєлїктєрї изилденген;

-керамикалык жана органикалык байланыштыргычтагы (матрица) базальттык композиттен жылуулук єткєрбєєчї плиталардын курамын жана касиеттерин оптимизациялоо жїргїзїлдї;

-эксперименталдык статистикалык моделдештирїїнї колдонуу менен карапа жасалуучу топурак, базальт жана волластониттин негизиндеги электризоляциялык керамиканын оптималдуу курамы жана касиеттери табылды;

-жергиликтїї базальттын негизинде керамикалык композиттин жана жасалгалардын технологиясы иштелип чыгарылды.

Изилдєєнїн практикалык маанилїїлїгї: Керамикалык жана органикалык матрицалардагы базальттын курамын оптимизациялоо менен алынган жаўы электризоляциялык керамика жана жылуулук єткєрбєєчї базальттык плиталар энергетика жана турак їй курулуш тармагында технико-экономикалык кєйгєйлєрдї чечїїдє зор мааниге ээ.

      Жогорку математика кафедрасында эки багытта илимий изилдєє иштери жїргїзїлєт:

1 – багыт:Жогорку окуу жайларда математиканы кесиптерди єздєштїрїї каражаты катарында окутуунун илимий негиздери “ боюнча изилдєє иштери жїргїзїлїп, бул багытты М.Ш.Мамаюсупов жетектейт. Аталган багыт боюнча тємєндєгї окутуучулар илимий изилдєє иштерин алып барышат.

1. Кедейбаева Д. п.и.к. - “Табигый билимдер багытында математиканы кесипке багыттап окутуу”

боюнча илимий изилдєє ишин жїргїзїп жатат.

2. Айтназаров А. -улук окутуучу “ Социалдык иштер адистигинде студенттерди

математика сабагын окутууда кесипке багыт берїї” боюнча изилдєє ишин жїргїзїп жатат.

3. Абдрасулова С.Ж. -улук окутуучу “Гуманитардык адистиктер їчїн математикалык

билимдеринин негездерин калыптандыруу” илимий изилдєє жїргїзїп жатат.

4. Абдукаимова А. –окутуучу “Искусствону єздєштїрїїдє математиканы окутуунун

зарылчылыктары” деген темада иилимий ишин жїргїзїїдє.

5. М.Ш.Мамаюсупов ф-м.и.к, доцент – “Жогорку математика боюнча окума” аттуу 5

томдуктардан турган окуу китептеринин баарын Баласагын атындагы КМУ дан экспертизадан єткєрїп, Мин ВУЗдун ЖОЖ дор їчїн “окуу китеби” деген грифин алды. ОшМУ нун эў мыкты окуу китеби деп таанылып, 3000 сом менен сыйланды.

2-багыт: “Дифференциалдык теўдемелер” боюнча ф. –м.и.к., доценттер Т.Чинкараев,

У.Сопуевдер илимий изилдєє иштерин жїргїзїшїїдє.

      Информатика кафедрасында “Билим берїїдє жана илимий-изилдєєлєрдє информациялык-коммуникациялык технологияларды колдонуу” багытында илимий-изилдєє иштери жїргїзїлєт:

Максаты :

Электрондук-информациялык ресурстарды иштеп чыгуу;

Информациялык-коммуникациялык технологиялардын жардамында билимдерди текшерїїчї программаларды иштеп чыгуу;

Прикладдык маселелерди чечїїнїн методдорун жана алгоритмдерин иштеп чыгуу;

Болочоктогу математика жана информатика мугалимдеринин кесиптик ишмердїїлїгїндє компьютердик технологияларды колдонуунун методдорун изилдєє;

      МИОТжББМ кафедрасында каттоо баракчасы 01.01.2010-31.12.2015 мєєнєтї аяктап, отчеттор берилип, 01.01.2016-31.12.2021 5жылдык мєєнєтї узартылат. Кафедранын илимий изилдєє иштеринин приоритеттїї багыты: Билим берїїнїн кредиттик технологиясынын шарттарында келечектеги адистердин кесиптик компетенттїїлїгїн калыптандыруу мїмкїнчїлїктєрїн изилдєє (Исследование возможностей формирования профессиональной компетентности будущих специалистов в условиях кредитной технологии образования). Бул багытта кафедрада 2 кандидаттык диссертация корголду.