News Архив

Кафедра лексикологии и стилистики английского языка
Кафедранын тарыхы өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынан башталат. Алгач кенже курстарды тейлеген англис тили кафедрасы деп аталып методика боюнча лекциялык курстар, практикалык сабактар, педагогикалык практиканы уюштуруу жана жетектөө мурдагыдай эле англис тили кафедрасынын иш алкагында калган, ага жаш окумуштуу-методист В.Т.Ковальчук жетекчилик кылган. 1978-жылы чет тилдерди окутуунун методикасы кафедрасы болуп түзүлүп, анын башчылыгына п.и.к, доцент А.Н. Лисс шайланат. Бул көрүнүктүү методисттин жетекчилиги астында чет тили окутуучуларын даярдоо өңүтүндө бир кыйла алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Адистик боюнча окуу пландары өркүндөтүлүп, окуу программаларынын мазмуну бир кыйла жакшыртылды. Методика боюнча атайын курстар, семинарлар уюштурулду, жыл бою өтүлө турган тынымсыз педпрактика жүзөгө ашырылды. Кафедраны Г.Г. Имамутдинова, В.Т. Ковальчук, Е.Д. Соркина, Е.М. Коростышевская, А.С.Краснова, С. Абдугулов, А.Н.Лисс, Б.К.Койлубаева, А.А.Анарбаев аттуу окумуштуулар кафедранын өнүгүшүнө зор салымын кошуп жетектеп келишти. 2018-жылдын 25-октябрынан бери ф.и.к., доцент Р.Ж. Сагындыкова жетектеп келүүдө. Англис тилин окутуунун усулу кафедрасынын башкы максаты – студенттерди профессионалдык жактан калыптандыруу. Ошондуктан кафедрада англис тили окутуучуларын усулдук өңүттө даярдоо боюнча комплекстүү система иштеп чыгылган. Кафедрага англис тили бөлүмүнүн тайпаларынын бардык курстарында студенттеринин усулдук гана эмес, лингвистикалык даярдыгын, кеп маданиятынын деңгээлин жогорулатуу боюнча да жооптуу милдеттер жүктөлгөн. Азыркы учурда окутуучулар кафедранын регистрациялык картасында бекитилген «Англис тили мугалиминин кесиптик компетенттүүлүгү боюнча окуу процессин рационализациялоо» деген тема боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Окутуучулар университетте, республикада жана чет өлкөлөрдө өткөрүлүп жаткан илимий-усулдук конференцияларда баяндамаларын презентация жасап активдүү катышууда. 2017-окуу жылында кафедра мүчөлөрүнүн 9 макаласы жарыкка чыкты. Анын ичинен 2 макала АКШда «Young scientist» (Жаш окумуштуу) журналына, 5 макала Андижан мамлекеттик университетинин илимий журналында жана 2 макала ОшМУнун «ОшМУнун жарчысы» журналында жарык көрдү. Кафедрадагы окумуштуулар РИНЦке катталган. Web of Science, Scopus илимий сайттарына катталууга аракеттер жүрүүдө. Кафедрада 4 аспирант Г.Ж.Сулайманова, А.И. Исмаилова, Ч.Б. Нишанов, Б.К Койлубаева илимий темаларынын үстүндө иштеп, аспирантура бөлүмүндө окуп жатышат. Аспиранттардын илимий темалары талкууланып ОшМунун окумуштуулар кенешинде бекитилген. Кафедранын окутуучулары өздөрүнүн изилдөө иштери боюнча макалаларды, окуу-усулдук колдонмолорду басмадан чыгарышкан. Алардын иштеринин айрымдары окуу-усулдук колдонмо катары студенттерге жана мектеп окуучуларына сунуш кылынган.