Илимий отчет
Ош МУнун Искусство факультетинин 2013-жыл үчүн илимий-изилдөө чыгармачылык иштеринин жыйынтыктары боюнча отчету

Искусство факультетинин илимий жана чыгармачылык иш чаралары жогорку деңгээлде өттү. Алгачкы жылдарга салыштармалуу 2013-окуу жылындагы иштер зор изденүүлөр менен иш долбоору аткарылды
Искусство факультетинин илимий иш чаралары Ош МУнун жылдык иш долбоорунун негизинде илимий - чыгармачылык иштер университеттин жалпы эмгек долбоору менен эң мыкты айкалышууда. Факультте үч кафедра иш алып барат
1.“Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө”кафедрасы Илимий багыты“Музыка мугалимин даярдоо көйгөйлөрүү каттоо № 000 6872 бекитилген күнүн 5-декабрь 2012 жыл
2.“ Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасы Илимий багыты:”Музыкалык ой жүгүртүнүн маанисин калыптандыруу аткаруу жанан ырдоо классы боюнча студенттердин музыкалык жөндөмдүүлүгүгн өстүрүү жана анын стуктурасы”
3. “Сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасы” кафедрасы Илимий багыты:“Көркөм сүрөттөө искусствосун үйрөнүүнүн, окутуунун проблемалары жана элдик костюмду заманбап дизайнда иштеп чыгуу” Каттоо баракчасы 25 декабрь 2012-ж. №0006875.
Искусство факультетинин деканы доцент ф.и.к. Курбанбаев К. “Искусствонун дүйнө таануунун булагы” аттуу докторлук диссертациянын үстүндө эмгектенүүдө.Илимий жетекчиси ф.и.д,профессор М. Ж. Жумагулов. 2. Факультеттеги аспиранттар, изденүүчүлөр жөнүндө маалыматтар, алардын илимий-изилдөө иштеринин абалы, жыйынтыктары. “Музыкалык тарбиялоонун усулу ,теориясы жана хорду дирижерлөө” кафедрасынын аспиранттары. Аспирант Н. Джороева аткарган иштери жөнүндө маалымат: Тема: «Кыргыз композиторлорунун хордук чыгармаларын мектеп окучууларына үйрөтүү» 2013-жыл «Кыргыз композитору К.Молдобасановдун балдар үчүн жазган хордук чыгармаларын мектеп окуучуларына үйрөтүү К. Молдобасановдун балдар үчүн жазган хордук чыгармаларын карап класстарга бөлүп жана аларды окуучуларга үйрөтүүнүн методикасын иштеп чыгып басмага бергенитурам. Мен изилденген иштер төмөндөгү тартипте журуп жатат.
Аспирант Абдувалиев Бекболоттун аткарган иштери жөнүндө маалыматы:
1. 2013-жылды жаңы макала жазуу үстүнөн иштөөнү баштадым. 1-макала Н. Абдрахмановдун “Эн белги менен комуз үйрөнүү” аттуу китебин окуп чыгып, Комузду кандай ыкма менен оңой үйрөтүүгө боло тургандыгын изилдеп, өзүм үйрөнүп чыгып “Н. Абдрахмановдун өздүк комуз үйрөтүү ыкмасы” деген тема- да макала жаздым. Факультетте өткөн илим жумалыгында окудум
2. Н. Абдрахмановдун күүлөрүнө талдоо жасап чыгып, “Нурактын күүлөрү” макаланын жетекчиси проф. Б. Иметовдун жардамы менен жвзып чыгып аяктадым. Ош МУнун “Вестник” ке берүүгө даярдап койдум
3. Н. Абдрахмановдун “Эн белги ыкмасы” менен кичине мектеп окуучуларына үйрөтүп, жыйынтыгын берди. Балдар кыска мөөнөттүн ичинде тез үйрөнүүгө жетишишти.
4. Азыр “комуз үйрөтүүнүн тарыхы” главасынын үстүндө иштеп жатам. Бул макаланы жазып чыгыш үчүн, бир канча адабияттарды окуп чыгууга туура келди. Ошонун үстүндө макала жазууга даярдап жатам. а) Асан Кайбылда уулу “Кыргыз күүлөрү” I-II том 2011-ж Бишкек. б) Балбай Алагушев “Кыргыз музыкасы” энциклопедия 2007-ж Бишкек. 5. Андан сырткары диссертациянын үстүнөн иштеп, алдын ала план түзүп, план менен иштөөнү баштадым.