Эстраданын музыкалык искусствосу даярдоо багыты

Даярдоо багыты 570012 «Эстраданын музыкалык искусствосу»

Даярдоо профили: концерттик аткаруучу, ансамблдин солисти,эстрадалык ансамблдин жетекчиси, музыка мугалими.

Окуу мөөнөтү : 5 лет

Окутуу формасы : күндүзгү

Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш-аракетинин чөйрөсү:

  • музыкалык аткаруучулук;
  • музыкалык педагогика;
  • чыгармачылык коллективдерди, маданият жана искусство мекемелерин башкаруу;
  • маданият жана искусство чөйрөлөрүндө агартуу иштерин жүргүзүү.

    Кесиптик иш-аракеттеринин объектилери:

    • коомдогу түрдүү жагдайларда музыкалык чыгармалар;
    • концерттик залдардагы, джаз, арт (art), жаштардын бий клубдарынын угуучу жана көрүүчүлөрү, үн жазуучу студиялардын өндүрүшүн колдонуучулар;
    • орто, орто-профессионалдык, жогорку билим берүү мекемелеринин түрдүү категориядагы окуучулары, студенттери жана угуучулары;
    • музыкалык чөйрөдөгү чыгармалардын авторлору чыгармачыл коллективдер жана аткаруучулар;
    • концерттик мекемелер, маданият мекемелери, ансамблдык топтор, үн жазуучу студиялар жана массалык маалымат каражаттары.

      Бүтүрүүчүлөрдүн кесиби боюнча иштеринин түрлөрү

      570012 «Эстраданын музыкалык искусствосу» багытындагы бүтүрүүчүлөр төмөнкү кесиптик ишмердүүлүк боюнча даярдалат:

      • музыкалык - аткаруучулук;
      • педагогикалык;
      • уюштуруу-башкаруучулук;
      • музыкалык агартуучу.

      "Эстраданын музыкалык искусствосу" даярдоо багытында окутулуучу предметтер

      Атайын музыкалык аспап

      "Атайын музыкалык аспап" сабагы аткаруучу-музыканттын, педагог-музыканттын комплекстүү калыптануусунун ажырагыс жана эң керектүү бөлүгү болуп саналат. Ар тараптуу музыкалык билимге ээ болгон, педагогикалык жана концерттик репертуары боюнча өз алдынча музыкалык ыкмалардын жана тиешелүү музыкалык каражаттардын жардамы менен чыгармалардын көркөм мазмунун ачып бере ала турган адисти даярдайт.

      Жалпы фортепиано

      "Жалпы фортепиано" сабагы "Эстрадалык" адистиктин студенттери үчүн профессионал музыканттарды калыптандырууда маанилүү ролду ойнойт. Сабактын максаты фортепиано аспабын үйрөнүү студенттер үчүн эң маанилүү экендигин жеткирүү жана ар кандай мүнөздөгү музыкалык чыгармаларды фортепианодо кылдаттык менен аткара билүү болуп саналат.

      Вокалдык класс

      Вокал сабагы жеке профессионал ырчы (солист) адистигин тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ. Мында үн аппаратын калыптандыруу, эстраданын ар кандай стилинде чеберчилик менен аткаруу жана ар тараптуу жеке ансамблдын коштоосунда ырчы - аткаруучуну даярдоо болуп саналат.

      Вокалдык ансамбль

      "Вокалдык ансамбль" предметинде студентти түрдүү үн менен такшалып ырдоого, аткарууга тарбиялоо. Вокалдык ансамбль сабагы музыкалык, теориялык жана вокалдык-практикалык тажрыйбага ээ болгон эстрада жаатындагы профессионал ырчы-аткаруучу адистерди даярдайт.

      Жакындаш музыкалык аспаптар

      "Жакындаш музыкалык аспаптар" сабагы эстрадалык группалар үчүн өтө зарыл. Себеби, "Негизги музыкалык аспап" жана "Жалпы фортепиано" сабагынан сырткары студент эстрадалык ансамлде ойноо үчүн башка аспаптарды үйрөнүүсү керек. Студент "Негизги музыкалык аспапта" электроклавиш, же гитараны окуп үйрөнсө, ал эми бул сабакта урма аспап, бас гитара, ритм гитара, соло гитарада ойноп үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алат.

      Оркестрдик класс

      Бул сабактын негизги милдети жана максаты музыкалык аспаптарда аткаруу өнөрүн терең өздөштүргөн, музыкалык чыгармалардын чоң жана кичине формаларын өздөштүргөн, аткаруунун техникасын билген, оркестрдик ансамблде иштей ала турган кадрларды даярдоо. Оркестр сабагынын өзгөчөлүгү студент фортепиано, электроклавиш, урма аспап, бас гитара, ритм гитара аспаптары боюнча алган билимдерин оркестр сабагында колдоно билүү, башкача айтканда эстрадалык группа түзүүдө, ага жетекчилик кылууда чоң жардам берет.

      Импровизация

      "Импровизация" термини "improvisazione" деген италия сөзүнөн алынган. Латын тилинде "improvisis" - биздин тилге которгондо күтүүсүздөн, кокусунан дегенди түшүндүрөт. Музыкалык чыгарманы аткаруу учурунда көркөмдөп аткаруунун түрү. "Импровизация" сабагы - эстрада адистигинин студенттери үчүн аткаруучулук чеберчилигин өркүндөтүүдө маанилүү ролду ойнойт. Чыгарманы импровизациялоо ар түрдүү стилдер менен тааныштыруу, ар кандай чыгарманын иштелмесин (обработкасын) жарата ала турган, жогорку квалификациялуу аткаруучу адисти даярдоо. Дайыма чыгармачылык изденүү мотивациясын калыптандыруу. Музыкалык эске тутуунун чыгармачылык ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү, гармониялаштыруу, транспонирлештирүү көндүмдөрүн колдоно билүү.

      Транскрипция

      Музыкалык чыгармаларды башка музыкалык аспап үчүн которуп жазуу же эркин жана виртуоз интерпретациясын ошол эле музыкалык аспап үчүн иштеп чыгуу. Транскрипция сабагы түрдүү эстрадалык аспаптар үчүн которуунун ыкмалары менен тааныштыруу. Чыгармалардын иштелмесин эстрадалык аспаптар үчүн которуп жазууну билген, жогорку квалификациялуу адисти даярдоо. Транскрипция чыгармачылык, изденүү мотивациясын калыптандыруу, чыгармачылык ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү, музыкалык материалдарды иштеп чыгуу жана изденүүнү окуп үйрөнүү болуп саналат. Транкрипция курсунун максатына жетүү үчүн жогоруда айтылган милдеттерди так аткаруусу зарыл болуп эсептелет.

      Атайын педагогикалык даярдык

      Бул сабактын негизги максаты болочок музыка мугалими профессионалдык- педогогикалык даярдыгын, аткаруучулук жөндөмдүүлүгүн, жалпы музыкалык билимин жогорку денгээлде жеткире билүүсү, жалпы музыкалык чыгармалардын арасынан жанрларды-стилдерди айырмалап талдай алуусу болуп эсептелет.