Кафедра жөнүндө маалымат

“Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо”

кафедрасы

1959-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында Музыкалык педагогикалык факультети ачылган. 1963-1964-окуу жылы аталган факультетте “Музыканын теориясы жана тарыхы” жана “Музыкалык аткаруучулук” аттуу эки кафедра иш алып барган. 1964-жылы “Музыкалык аткаруучулук” кафедрасы кайрадан “Музыкалык аспаптарда аткаруу” кафедрасы болуп өзгөртүлгөн. Кафедра түзүлгөндөн баштап С. Алиев, Р. Абдуллин, В.Кривоносенко, А. Масалбеков, Б. Иметов, И. Кебеков, Н. Хасанов, К. Жумабаев жана С. Шабдановдор жетектеп келишкен.

2009-жылы «Хорду дирижерлөө» кафедрасы жоюлгандыгына байланыштуу, “Музыкалык аткаруучулук” кафедрасына ырдоо предмети кошулуп, кайрадан “Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасы болуп түзүлгөн.

Бул кафедраны 2001-2013–жылдары доцент Бакиров Исмаил Октябрович жетектеп келген. Ал эми 2013-жылдан баштап кафедраны улук окутуучу Мойдунов Жениш Төлөнович жетектеп келүүдө.

Кафедранын негизги максаты жана багыты – болочок музыка мугалимдерине музыкалык аспаптарда чебер аткаруу жана ырдоо боюнча терен билим берүү болуп саналат.

Кафедрада негизинен 4 доцент, 1 аспирант, 2 магистрант, 5 улук окутуучу, 7 окутуучу, 1 музыкалык аспаптарды күүлөөчү, 1 лаборант, 1 методист жана 1 концертмейстр эмгектенет.

Кафедра музыка багытында жогорку билимдүү адистерди даярдайт.

Багыты: 570012 “Эстраданын музыкалык искусствосу”.

Квалификациялык академиялык даражасы: ансамблдин солисти, окутуучу, жеке аткаруучу, эстрадалык ансаблдын жетекчиси.

Нормативдик окуу мөөнөтү: 5 жыл.

Окутуунун түрү: күндүзгү.

570012 “Музыканын эстрадалык искусствосу” профили эстрадалык билим берүүдө жана 550600 “Көркөм билим берүү” профили музыкалык билим берүүдө (бакалавр академиялык баскычында ) окутулуучу дисциплиналар (предметтер)

Дисциплиналар

1.

Вокалдык ансамбль

2.

Вокалдык класс

3.

Мамлекеттик аттестация (негизги музыкалык аспап боюнча)

4.

Кошумча музыкалык аспап

5.

Импровизация

6.

Жеке ырдоо классы

7.

Компьютердик технологиялар

8.

Концертмейстердик класс

9.

Музыкалык аспапта ойноонун жана музыкалык жөндөмдүүлүктү өстүрүүнүн усулу

10.

Вокалдык музыкалык чыгармаларды коштоо жана ноталык жазуу

11.

Жалпы фортепиано

12.

Оркестрдик-ансамбльдык класс

13.

Оркестрдик класс

14.

Негизги музыкалык аспап

15.

Педагогикалык чеберчилик жана академиялык хор менен практика жүзүндө иштөө

16.

Оркестр менен практика жүзүндө иштөө

17.

Жакындаш музыкалык аспаптар

18.

Атайын педагогикалык даярдык

19.

Специальность

20.

Транскрипция

Кафедранын материалдык-техникалык базасы


Кафедранын материалдык-техникалык базасы музыкалык билим берүү адистигин жана эстраданын музыкалык өнөрү адистигин даярдоодо мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына жооп берет. Негизинен факультетте студенттер үчүн атайын жеке жана практикалык сабактарды өтүү үчүн кааналар ылайыкташтырылган. Музыкалык аспаптар жетиштүү. Атайын музыкалык аспаптар сакталуучу кабинет иштейт. Окуу усулдук адабияттар менен толук камсыз болгон. Практикалык сабактарга жана түрдүү маданий иш чараларга концерттик зал пайдаланылат. Кафедранын окутуучулары тарабынан белгилүү обончу композитор Р.Абдыкадыровдун музейи түзүлгөн. Компьютердик класс компьютерлер менен жабдылган, ал интернет менен туташтырылган. Лекциялык сабактарда мультимедиалык система менен интерактивтик доска пайдаланылат.

Окуу процессин методикалык жана информациялык

багытта камсыздоо

Студенттерди окуу жана окуу усулудук адабияттар менен камсыз кылуу негизинен университеттин жана факультеттин китепканалары жана окуу залдары аркылуу ишке ашырылат. Китепканаларда окуу усулдук жана илимий адабияттар журналдар, ноталык жазуулар студенттердин сапаттуу билим алуусун толук камсыз кылат. Илимий иштерди жүргүзүү үчүн Ата Мекендик адабияттар менен кошо чет мамлекеттердин басылмалары пайдаланылат. Булар менен катар студенттерди кафедранын окутуучулары тарабынан иштелип чыккан окуу-усулдук материалдар менен камсыздайбыз. Студенттердин кошумча материалдарга ээ болуусу үчүн музыкалык сөздүктөр жана музыкалык энциклопедиялар колдонулат. Китепканаларда кыргыз жана чет элдик композиторлодун чыгармаларынын партитуралары китепканаларда жетиштүү. Булардан сырткары университеттин электрондук китепканасынан дагы пайдаланабыз. Китепканаларда искусстовонун, музыканын тарыхы боюнча 40тан ашуун DVD диск бар жана мультмедиалык технология боюнча компьютердик продукталар да колдонулат.

Бүтүрүүчүлөрдүн кесиби боюнча ишке орношуусу


Факультетти ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчү бала бакчаларда музыкант-тарбиячы, билим берүү мекемелеринде музыка мугалими, жогорку окуу жайларында окутуучу, ар кандай мекемелерде маданий кызматкер болуп эмгектенишет. Мындан тышкары Республикалык жана Эл аралык түрдүү байланыштарда кызмат кылып келишет.

Бүтүрүүчүлөрдүн арасынан окууну артыкчылык диплому менен аяктагандар жогорку жана орто окуу жайларына кызматка кабыл алынат. 2015-жылдын ноябрь айында өткөрүлгөн семинарда биздин бүтүрүүчүлөрдүн билиминин деңгээли жогору экендиги жана практикалык ык-машыгууларынын талапка толук жооп берерлиги иш берүүчүлөр тарабынан баса белгиленген.