ОБЩЕСТВЕННАЯ РАБОТА КОЛЛЕДЖА

Студенттик турмуш

ОшМУнун гуманитардык-педагогикалык колледжи 2017-жылы Педагогика жана дене тарбия факультетинин курамынан бөлүнүп чыгып өз алдынча структурга ээ болду.

Колледждин жамааты көп улутуу. Окутуу кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт. Окуу процесси жаны мамлекеттик стандартка ылайык уюштурулган. КОЛЛЕДЖДЕ сынак зачетторду кабыл алуу азыркы күндүн талабына жараша жаңы технология, модулдук-рейтинг системасы аркылуу жүргүзүлөт, бул студенттердин билимин текшерүүдөгү обьективдүү ыкмалардан болуп эсептелет.

Окуу имараты, жатаканасы шаардын так ортосунда жайгашып, транспорттун бардык түрлөрүнөн, маданий мекемелерден, соода-байланыш түйүндөрүнөн пайдаланууга өтө ыңгайлуу. Студенттер 220 орундуу бардык шарты бар жатаканада жашашат.

Студенттердин көнүлдүү эс алуусу үчүн көркөм чыгармалык кружоктор, оюн-зооктор,поэзия кечеси, дебат, дискуссия,брейн-ринг жана спорттук ийримдер иштейт. КОЛЛЕДЖдин жамааты университеттеги кароо-сынактарда ар дайым байгелүү орундарды ээлеп келүүдө.

«ОШ МУнун идеалдуу түгөйү - 2013» сынагында КК-1-11 тайпасынын студенти Абдисатар кызы Перизат жана Ф-1-11 тайпасынын студенти Нурбек уулу Бекзат баш байгеге ээ болушкан жана

«ОшМУпериси-2016» сынагында Арстанбек кызы Диана 1-орунга ээ болгон. Ош шаардык кыздар аралык жеңил отлетика боюнча ДО9-1-16 тайпасынын студенти Садирова Нурайым 2-орунду багындырган. ОшМУда факультеттер аралык «1-курстар аралык спортакиада-2017» сынагында волейбол боюнча кыздар командасы 1-орунду, тогуз коргоол боюнча кыздар командасы 1-орунду, балдар командасы 2-орунду, баскетбол боюнча кыздар командасы 3-орунду багындырышты.

Жеңил атлетикадан ядро түртүү боюнча кыздар арасында Кырманчыева Элена 1- орунду, балдар арасында Асилбек уулу Темирлан 3- орунду багындырды . Ал эми тогуз коргоол боюнча “Ош МУнун кыздар арасында мыкты оюнчусу-2017» наамына КК-5-17 тайпасынын студенти Орозмамат кызы Саида ээ болду.

Студенттик өзүн-өзү башкаруу

Быйылкы окуу жылында колледжде студенттердин өз алдынчалыгын, жаштар арасында демократиялык башкарууну өнүктүрүү максатында жаштар комитети түзүлдү. Учурда аны «КК-2-15» тайпасынын студенти Бектурсун кызы Нурпери жетектөөдө.