Кесипке багыттоо иштери

Ачык эшиктер күнү

Ош мамлекеттик университетинде 2021-жылдын 15-май күнү “Ачык эшиктер күнү” салтанаттуу майрамы болуп өттү. Мында түшүк регионундагы мектептерден келген бүтүрүүчүлөргө университеттеги билим берүү үчүн түзүлгөн шарттар, окуу жайдын инфраструктурасы жана адистиктер тууралуу маалыматтар берилди. Анын катарында ОшМУнун физика-техника факультети да мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жана жетекчилерине адистиктер боюнча кеңири маалыматтарды берди.


ОшМУнун Физика-техника факультетинин 2012-2013-окуу жылындагы кесипке багыттоо боюнча аткарылган иштери.
1. ОшМУнун Физика-техника факультетиндеги кесиптик багыт берүү иш планы боюнча факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, 2013-жылдын 10-апрелинен 20-майга чейин Ош шаарынын Ч.Түлөбердиев, Керме-Тоо, №30 А.Алиев атындагы орто мектептеринде бүтүрүүчү класстардын окуучулары менен кесипке багыттоо боюнча жолугушууларды уюштурушкан. Бул жолугушууларда Ош мамлекеттик университетине тапшыруунун эрежелери жана кабыл алуунун тартиптери жөнүндөгү маалыматтарды факультеттин профессордук-окутуучулук курамы окуучуларга жеткиришти. ОшМУнун Физика-техника факультетиндеги кесиптик багыт берүү иш-планы толугу менен аткарылып, иш-пландын аткарылышы факультеттин өндүрүштүк жыйындарында жума сайын талкууланып турду. 2. Физика-техника факультетине тиешелүү кафедралардагы аткарылган иштер: а) “Телекоммуникациялык системалар” кафедрасында кесипке багыт берүү боюнча Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын орто мектептеринде «Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары» жана «Инноватика» багыттары боюнча адистерди даярдашы боюнча кесипке багыттоо иштери жүргүзүлгөн. б) “Энергетика” кафедрасында кесипке багыт берүү боюнча Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын орто мектептеринде “Электроэнергетика жана электротехника” багытындагы “Электр менен камсыздоо” профили жана жаңыдан лицензия алынган “Энергиянын альтернативдүү булактары” профилинен бакалаврларды даярдоо боюнча кесипке багыттоо иштери жүргүзүлдү. Кафедра башчысы, доцент Айдарбеков З.Ш. ЭлТР телерадиокомпаниясына энергетика тармагынын өнүгүүсү, көйгөйлөрү, энергияны үнөмдөөчү технологиялар, ОшМУда бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча интервью берди. Кафедранын лаборатория башчысы Жумакулов Ж.А. жана ЭС-08 тайпасынын студенти, көптөгөн конкурстардын жеңүүчүсү Эркиналиев З. университетибизде энергетика багытындагы ойлоп табуулардын абалы жана жасалган макеттер, модельдер боюнча ЭлТР телерадиокомпаниясына маек беришти. Бул интервьюлар эфирде 6 жолу кайталанып берилди. 25-май күнү кафедранын окутуучулары өздөрү бүткөн мектептерге барып кесипке багыттоо иштерин жүргүзүп келишти. У.Салиева гимназия мектебинде шаардык олимпиада өткөрүлдү. Кафедранын улук окутуучусу Б.Каденова олимпиаданын өткөрүлүшүнө катышып, өз салымын кошту. Ректордун буйругу менен кафедранын башчысы, профессор Б.Арапов, доценттер М.Өскөнбаев, К.Ташкуловдор Баткен областтарынын мектептерин кыдырышып, кесипке багыттоо иштерин жүргүзүп келишти. Ошондой эле өз алдынча ага окутуучу А.Жапаркулов Аксы районунун 2-3 мектептерине, ага окутуучу А.Шерикбаев Өзгөн районунун мектептерине, улук окутуучу Б.Каденова Кара-Суу, Кара-Кулжа райондорунун мектептерине барышып, кесипке багыттоо иштерин жүргүзүштү. Анда бүтүрүүчүлөр менен жолугушуп, Республикалык тесттерди тапшырууда түшүнбөгөн суроолоруна жооп беришип, физика адистигине жана инженердик багыттагы адистиктерге тапшыруусуна үгүт иштерин жүргүзүштү. 22-майда университетте “Ачык эшик” күнү болуп, анда шаардан, райондордон келген бүтүрүүчүлөр кафедранын лабораторияларын көрүштү. г) Факультеттин маалымат стенди жана буклети кайрадан жаңыртылып, ак-кара жана түстүү варианттарда басылып чыгып, баардык мектептерге таркатылды. 3. Физика-техника факультети Кыргыз Республикасынын Түштүк аймагындагы көптөгөн өндүрүш ишканалары, билим берүү мекемелери менен тыгыз иш алып барууда. Мисалы, “Кыргызтелеком” ААКсы, Шаардык жана райондук байланыш станциялары, “Ош электро” ААКсы, Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы (ОшПВЭС) жана башка билим берүү мекемелери. 4. Факультеттин Окумуштуулар кеңешинде жана факультеттин апталык отурумунда кафедралардагы кесипке багыттоо иштери дайыма каралып турду жана факультеттин ар бир мүчөлөрүнө милдеттендирилген. 5. Ректордун атайын буйругунун негизинде “Телекоммуникациялык системалар” кафедрасында област жана райондордогу мектептерде кесипке багыттоо иштери жүргүзүлдү. Атап айтканда Ош шаарына караштуу Ч. Тулебердиев, Кара-Суу районунун Т. Сатылганов, А.Семетеев атындагы, Кадамжай районунун Кызыл-Булак, Сузак районунун Үлгү, Кербен шаарындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептерде кесипке багыттоо иштери жүргүзүлдү. “Энергетика” кафедрасында шаардагы жана райондордогу мектептерде кесипке багыттоо иштери жүргүзүлдү. Атап айтканда Ош шаарына караштуу Ч.Түлөбердиев, Кара-Суу районунун Кызыл-Кошчу айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы, Баш-Булак айылындагы Н.Примбердиев атындагы, Ноокат районунун Көк-Бел айылындагы Н.Исанов, Көк-Бел, Аксы районунун Ак-Суу айылындагы А.Осмонбеков атындагы, Өзгөн районунун Куршаб айылындыгы Ы.Бектемиров атындагы орто мектептерде кесипке багыттоо иштери жүргүзүлдү. ЭТФ кафедрасынан профессор Б.Арапов, доценттер М.Өскөнбаев, К.Ташкуловдор Баткен областтарынын мектептерин кыдырышып, кесипке багыттоо иштерин жүргүзүп келишти. Ошондой эле өз алдынча ага окутуучу А.Жапаркулов Аксы районунун 2-3 мектептерине, ага окутуучу А.Шерикбаев Өзгөн районунун мектептерине, улук окутуучу Б.Каденова Кара-Суу, Кара-Кулжа райондорунун мектептерине барышып, кесипке багыттоо иштерин жүргүзүштү. Анда бүтүрүүчүлөр менен жолугушуп, Республикалык тесттерди тапшырууда түшүнбөгөн суроолоруна жооп беришип, физика адистигине жана инженердик багыттагы адистиктерге тапшыруусуна үгүт иштерин жүргүзүштү. 6. Кесипке багыттоодо гранттык (бюджеттик) орундар үчүн Ош областык мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгы менен келишимдер түзүлдү. Ошондой эле, “Энергетика” кафедрасында кесипке багыттоодо гранттык (бюджеттик) орундар үчүн Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы (ОшПВЭС) (10 орун) жана “Ошэлектро” ачык акционердик коому (20 орун) менен келишимдер түзүлдү. 7. Факультетте кесипке багыттоо боюнча мындан ары да аткарылуучу иш-чаралар белгиленди. Атап айтканда, “ТКС” кафедрасы тарабынан «Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары» жана «Инноватика» багыттары боюнча, “Энергетика” кафедрасы тарабынан “Электроэнергетика жана электротехника” багыты боюнча, ЭТФ кафедрасы “Физика” жана “Радиофизика” багыттары боюнча рекламалык баракчаларды жана буклеттерди даярдоо, абитуриенттер менен кесипке багыттоо иштерин тынымсыз жүргүзүү. 8. Кабыл алуунун адистиктер боюча анализи жана прогнозу боюнча иштерди жүргүзүү ОшМУнун кабыл алуу комиссиясы менен биргеликте жүргүзүлөт. 2012-2013 окуу жылына кабыл алууда “Электроэнергетика жана электротехника” багытындагы “Электр менен камсыздоо” профили боюнча 7 гана студент тапшырганынын себеби лицензияны кабыл алуу башталаарга 2 күн калганда (09.07.2012 ж.) лицензия алынып, бюджеттик орундар берилбей калганына байланыштуу болду. Ал эми “Физика” багытына 19 студент тапшырган. Абитуриенттерди көп тапшыртуу максатында факультеттин жамааты төмөндөгүлөрдү сунуш кылат: - “Электр менен камсыздоо” профилине абитуриенттерди кабыл алууда кошумча “Физика” предметинин баллы төмөндөтүлсө; - “Энергиянын альтернативдүү булактары” профилине кошумча предмет катары “Химия” предмети каралса. 9. Кесипке багыттоо боюнча факультетте төмөндөгүдөй иш чаралар жүргүзүлөт: массалык маалымат каражаттары аркылуу (радио, телевидение, газета, Интернет), экскурсия, абитуриенттер менен жолугушуулар).