Профессордук окутуучулук курам

      В настоящее время на кафедре работают 10 сотрудников, 4 кандидата наук (в том числе 1 профессора, 3 доцента), 2 старших преподавателей, 1 заведующий лаборатории, 2 старший лаборант и 1 лаборант.

 

Омаралиева Зумират Исмайыловна п.и.к., доцент, кафедра башчы. 1961 – жылы 27 – октябрда Кара – Суу совхозунда жарык дүйнөгө келген. 1984 – жылы Фрунзедеги СССРдин 50 жылдык атындагы КМУну (азыркы КУУ) ийгиликтүү аяктаган. 1984 – 1993 – жылдары Ош шаарындагы СССРдин 60 жылдык атындагы №14 орто мектепте физика мугалими болуп иштеген. 1994 – жылдан бери ОшМУда эмгектенүүдө. 2012 – жылы 18 – октябрда кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон, педагогика илиминин кандидатты илимий даражага ээ. 25 макала. 3 окуу колдонмосунун автору.




Профессор кафедры общей физики и методики преподавания физики Ошского университета, Заслуженный работник образования КР, Халиуллин Рауель Нигматзянович родился 21 марта (в день праздника Нооруз) 1938 года в Кировском районе Ферганской области. После гибели отца на фронте с 1943 года жил с матерью в Джалал-Кудукском районе Андижанской области, а с 1957 года живет и работает в городе Ош.
      Уже 60 лет его жизнь тесно связана с городом Ош и Ошским пединститутом (ныне университетом). Он считается опытным преподавателем, прекрасно владеющим и физикой, и математикой, и информатикой. Технически эрудирован, разбирается во всех технических дисциплинах, владеет многим ремеслами, умеет рисовать, паять, точить, сверлить и т.д. Как преподаватель и наставник, охотно передает свои знания и умения молодежи – и студентам и преподавателям.
      Увлечение физикой и техникой он объясняет тем, что уже с четвертого класса посещал авиамодельный кружок, неоднократно был чемпионом Андижанской области по авиамодельному спорту, а в школе много внимания уделял математике и физике, любил решать трудные задачи, помогал товарищам в учебе.

     Свою педагогическую деятельность Халиуллин Р.Н. начал в 1955 году, одновременно совмещая учебу в 9 классе средней школы №3 Джалал–Кудукского района с работой в качестве руководителя авиамодельного кружка в районном Доме пионеров. Поэтому при поступлении на физико-математический факультет Ошского пединститута в 1957 году он уже имел двухлетний стаж педагогической деятельности.
      Будучи уже студентом 3 курса с марта 1960 года вновь стал работать руководителем организованного им авиамодельного кружка в Ошском Доме пионеров. Этот кружок Халиуллин Р.Н. возглавлял даже после окончания института, до 1968 года, совмещая с работой преподавателя Ошского пединститута. Ежегодно, возглавляемые им сборные команды авиамоделистов города Ош и Ошской области занимали призовые места на областных и республиканских соревнованиях, уступая только команде Фрунзенского аэроклуба. Часть кружковцев выполнила нормы высоких спортивных разрядов, участвовала во Всесоюзных соревнованиях в составе сборной Республики, некоторые из них стали военными летчиками, а ныне полковники авиации в отставке.

      В 1962 году по окончании физико-математического факультета Ошского пединститута направлен на преподавательскую работу в этот же вуз, где начал работать преподавателем кафедры физики. В этот период он занимался научной работой по физике твердого тела (люминесценция) под руководством Ю.Л.Луканцевера, проблемами ТСО и программированного обучения, сдал кандидатские экзамены, получил первые научные результаты, выступал с докладами на научных семинарах и конференциях преподавателей института.
      В 1970 году руководством института Халиуллину Р.Н. было поручено создать учебно-методический центр ТСО и курировать научно-методическую работу преподавателей института по проблемам ТСО и программированного обучения. Он лично руководил созданием и комплектованием современными техническими средствами общеинститутской лаборатории ТСО, которая в 1976 году приказом ректора была преобразована в методический центр ТСО института со штатом 15 человек. Работой центра, на общественных началах, Халиуллин Р.Н. руководил до 1978 года, доведя ее штат до 20 человек, создав базу для открытия новой кафедры - кафедры ТСО и методики преподавания физики.
      Методический центр ТСО руководил внедрением и эффективным использованием оборудования на кафедрах и факультетах, проводил курсы повышения квалификации преподавателей и лаборантов, занимался созданием на факультетах собственных лабораторий и кабинетов ТСО, лингафонных кабинетов и автоматизированных лекционных аудиторий.

      В 1984 году Халиуллину Р.Н. было поручено создание материальной (лабораторной) базы для подготовки учителей труда и черчения по новой специальности «учитель труда и общетехнических дисциплин». За два года Халиуллиным Р.Н. и Курбаналиевым А.Б. были созданы и укомплектованы соответствующим оборудованием шесть новых учебных лабораторий. Это послужило базой для создания новой кафедры – кафедры общетехнических дисциплин. В 1987 году перевод кафедры ОТД вместе со студентами этой специальности в Ошский вечерний филиал Фрунзенского политехнического института послужил основой для открытия в Оше Ошского технологического института, ныне - Ошский технологический университет (ОшТУ).

Эгембердиев Жолдошбай (03. 01. 1953) – физика – математика илимдеринин кандидаты(1980), доцент (1988), билим берүүнүн мыктысы (2007).
      Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика – математикалык факультетинин физика адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган (1974). Кыргыз мамлекеттик университетинде «Катуу заттардын физикасы» адистиги боюнча аспиранурада окуган (1976 - 1979). Илимий – изилдөө иштерин Эстон Илимдер Академиясынын Физика институтунда жүргүзгөн (1977 - 1980). Ушул эле института илимий стажировкадан өткөн (1980,1984).
      Ленинград мамлекеттик университетинде физика адистиги боюнча квалификациясын өркүндөткөн (1988). Портленд мамлекеттик университетинде менеджмент, (АКШ, Порленд 1995), Грамин Банкта микрокредит менеджмент (2000 Бангладеш) боюнча стажировкадан өткөн.
      Катуу заттардын радиациялык физикасы, кристаллдардын люминиценциясы багыттары боюнча адис. Республикалык, Прибалтикалык, Бүткүл союздук жана эл аралык илимий семинарлардын катышуучусу, 50дөн ашык илимий – усулдук макалалардын, докладдардын, тезистеринин, кыргыз тилинде даярдалаган бир нече окуу куралдарынын автору.
     ОшПИнин жалпы физикасы кафедрасынын улук лаборанты (1974) кызматынан баштап, ОшПИ – ОшМУнун илимий иштер жана экономика боюнча проректору (1992 - 1999) кызматтарында эмгектенген. Учурда Жалпы физика курсунун молекулалык физика жана термодинамика, электромагнетизм бөлүмдөрү боюнча лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактарды, окутуунун интерактивдүү усулдарын өздөшдүрүүгө арналган адистештерүү жана тандоо курстарын окутат. Физикалык практикумду уюштуруп өткөрүүнүн виртуалдык жана санариптик технологияларын өздөштүрүп жайылтууга аракеттенип келет.
Электрондук байланыш: jegem@vambler.ru
Тел. (03222) - 28728


п.и.к., доцент Жуманова Майрамхан Маматовна КР Билим берүү отличниги . 1958 - жылы 8 - октябрында Карасуу районуна караштуу Төлөйкөн айылында төрөлгөн.1975 - жылы ОшПИнин Физика-математика факультетинин "физика" адистигине тапшырып, 1979-ийгиликтүү аяктайт. Ошол эле жылы ОшПИнин алдындагы бөлумдө лаборант кызмат ордунан баштап, Физика - математика факультетинин жалпы физика жана ФОУ кафедрасында улук лаборант, окутуучу, улук окутуучу, доцент кызматында эмгектенүүдө. 32 илимий жана методикалык эмгеги жарыкка чыккан, анын ичинен: илимий мүнөздөгүсү – 24 жана окуу-методикалык мүнөздөгүсү – 8 анын ичинде 6 окуу-методикалык колдонмолордун автору.
      Жуманова М. М. – чыгармачыл инсан. Ал КР Улуттук Жазуучулар Союзунун (мурдагы Кыргызстан Жазуучулар союзунун) 1995-жылдан бери карай мүчөсү, үч ырлар жыйнагы ("Кадам" 1989-ж., "Маанай ырлары" 1997-ж., "Өр жол" 2015-ж.) чыккан жана көптөгөн ырлары мезгилдүү басма сөздө жарыяланган.



Улук окутуучу Курбаналиев Максат 1961-жылы 18-январда Төлөйкөн айылында туулган. 1978-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетине тапшырып, 1982-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн.1992-жылы ОшМУнун физика-математика факультетинин жалпы физика жана ФОУ кафедрасында лаборант кызмат ордунан баштап, окутуучу, улук окутуучу кызматында эмгектенүүдө.Бир топ макала, 5 окуу колдонмолордун автору.


Эгемназарова Айчүрөк Жакыповна 1965-жылдын 9-декабрында Ош областынын Карасуу районуна караштуу Большевик айылында туулган. Орто мектепти 1982-жылы аяктагандан кийин Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун (ПГПИ азыркы ЫМУ) физика факультетинин «физика мугалими» адистигин 1986 –жылы ийгиликтүү аяктаган.

1986- 2001-жылдары – мугалим, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, 2001-2002-жылдары тарых факультетинде улук лаборант, 2002-2010-жылдары жалпы физика жана ФОУ кафедрасында улук лаборант, окутуучу. 2010-жылдан 2016-жылдары физика-техника факультетинин «Телекоммуникациялык системалар» кафедрасында улук окутуучу, 2016-жылдан ушул күнгө чейин жалпы физика жана ФОУ кафедрасында улук окутуучу болуп эмгектенүүдө. 2012-ж. «Сынчыл ойломду өстүрүү үчүн окуу жана жазуу» атайын программа боюнча ОшМУда уюштурулган курсунан өтүп, күбөлүгүнө ээ. 2013-ж. “Окутуунун дистанттык технологиялары” аттуу дистанттык окуу программасынын курсун аяктап, күбөлүгүнө ээ. 2013-ж. TEMPUSтун HEICA проекти тарабынан уюштурулган квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүп, күбөлүгүнө ээ. Илимий эмгектери: 16 илимий эмгеги жарыкка чыккан. Алардын ичинен 2 окуу- методикалык колдонмо

2014-жылы ОшМУнун алдындагы Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» адистигин аяктаган.

Сыйлыктары: КРнын билим берүү жана илим министрлигинин, ОшМУнун, Физика-техника факультетинин, Кара-Суу райондук билим берүү жана маданият бөлүмү менен анын кесиптик кошундарынын райондук комитетинин Ардак Грамоталары. Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигинин «Билим берүү отличнигинин» төш белгиси. «ОшМУнун мыкты окутуучусу-2013» конкурсуна активдүү катышкандыгы үчүн университеттин сертификаты.



Лаборатория башчысы Молдоярова Жаннат Бекташевна.1990-жылы 28-ноябрда Өзгөн районунда туулган. 2008-жылы ОшМУнун физика-математика факультетинин "физика " адистигине тапшырып, аны 2013-жылы ийгиликтүү аяктаган.Ушул эле жылдан баштап физика-техника факультетинин жалпы физика жана ФОУ кафедрасында улук лаборанттык кызмат ордунда эмгектенүүдө.






Лаборант Бекжан кызы Гүлайым.1996-жылы 27- январында Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Кара-Бак айылында туулган. 2013-жылы ОшМУнун физика-техника факультетинин “физика” адистигине тапшырып, аны 2017-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ушул эле жылдан баштап физика-техника факультетинин магистиратурасына окууга тапшырган. 2017-жылдан баштап физика-техника факультетинин жалпы физика жана ФОУ кафедрасында лаборанттык кызмат ордунда эмгектенүүдө.




ФОУ кафедрасынын №229-механика жана молекулалык физика лабораториясынын лаборанты Раимбердиев Фархидин Жунусович.

Раимбердиев Ф.Ж 1993-жылдын 7-майда туулган. 2000-жылдан 2011-жылга чейин Тажикстан Республикасына караштуу Жергетал районундагы №29-Саргой атындагы орто мектепте окуган. 2011-жылдан, 2016-жылга чейин ОшМУнун физика-техника факультетинде, физика адистигинде окуп билим алган. Орто мектептин физика мугалими квалификациясы ыйгарылган. 2016-жылдан №37 Г. Айтиев атындагы орто мектепте физика мугалими болуп эмгектенген. 2018-жылдын 28-октябрынан ОшМУнун физика -техника факультетинин, ФОУ кафедрасында лаборанттык кызматта иштеп жатат.

Лаборант Абдимуталипова Зейнура Каныбековна. 1986-жылы 18-июнда Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында туулган. 2003-жылы Ош шаарындагы У.Салиева атындагы мектеп-интернатын ийгиликтүү аяктагандан кийин ОшМУнин физика-техника факультетинин “физика” адистигине тапшырып, аны 2008-жылы “Артыкчылык диплом” менен аяктаган. 2008-жылдын 1-сентябрь айынан тартып Кара-Суу районуна караштуу Учкун айылындагы “Учкун” орто мектебинде физика мугалими, 2014-2016-жылдары аталган мектепте тарбия иштери боюнча директордун орун басары, 2016-жылдан ОшМУнун “Билим” лицейинде физика мугалими болуп иштеген. 2017-жылы магистратураны ийгиликтүү аяктап, аспирантура бөлүмүнө тапшырган. 2019-жылдын сентябрь айынан тартып физика-техника факультетинин жалпы физика жана ФОУ кафедрасында лаборанттык кызмат ордунда эмгектенүүдө.