News Архив

Практика иштери

      Тарых факультетинде практикалардын сапатын жакшыртуу максатында адаптациялык, профилдик-базалык, кесиптик-профилдик практикаларды аткаруу боюнча бакалавр багыты үчүн атайын жумушчу программалары, силлабустары кайрадан иштелип чыкты. Бүгүнкү кундө сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери практикаларын өтүшүүдө. Ал эми күндүзгү бөлүмүнүн 3-4-курстарынын студенттери тиешелүү практикаларын Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун мектептерине өтушуудө. Айрыкча Кара-Суу районунун Кычан Жакыпов атындагы жатак-мектеби менен келишимдер түзүлүп, практикантар үчүн жакшы шарттар түзүлүп, практиканын сапаты бир кыйла сапаттуу аткарылууда. Усулчулар: Айтбаев Т., Чыныкеева Г, Жумашова Г., Кадыров Т., Осмонова Б студенттер менен тыгыз байланышта болушуп, усулдук жардамдарды көрсөтушуудө. Студенттердин жеткиликтүү билимдерине жакшы баалар берилип, А.Момбекова, А.Навои мектептеринин жетекчилери, мугалимдери тарабынан жакшы сөздөр айтылууда.
       Практика боюнча жооптуу, улук окутуучу Эрмекбаев К.М.