Окуу тарбия иштери
      Окуу жылынын башында ар бир тайпага кураторлор дайындалып жана алар факультеттин тарбиялык иштер боюнча планынын негизинде куратордук планды түзүшүп өздөрүнүн куратордук тайпаларында тарбиялык иштерин жүргүзүшөт.
      “Энергетика” кафедрасынын төмөнкү окутуучулары куратордук милдеттерди аткарышат: Досонов Б.Р. –ЭСc-1-15 (2-курс колледж), Сатибекова А.Б. - ЭСс-1-16 (1-курс колледж), Закирова Т.А. - ЭСс9-1-15 (2-курс колледж), Жусубалиева А.Ж. - ЭСб-1-16 (1-курс бакалавр), Кульматова С.А. - ЭСб9-1-16 (1-курс колледж) жана Жороев А.М. - ЭСб-1-14 (3-курс бакалавр). Кураторлор түзүлгөн план боюнча иш алып барышып, контракттык төлөмдөрдүн, студенттердин сабакка катышуусунун жана жетишүүсүнүн абалын, модулдардын жыйынтыктарын ж.б. түрдүү багыттагы маселелерди үзгүлтүксүз көзөмөлдөшөт жана бул маселелерди группалык чогулуштарда, жума сайын өтүлүүчү куратордук сааттарда талкуулап турушат. Деканаттын кеңешмесинде каралган маселелер группаларга өз убагында жеткирилип, алардын аткарылышы көзөмөлдөнөт. Кураторлор группаларынын студенттери менен биргеликте факультетте, университетте жана шаардын деңгээлинде өткөзүлгөн ар түрдүү коомдук-маданий иштерге активдүү катышышат. Кафедранын окутуучулары №1-жатаканынын бир топ бөлмөлөрүн көзөмөлгө алышып, өздөрүнө бөлүнгөн бөлмөлөрүндөгү студенттер менен системалуу тарбиялык иштерди (бөлмөнү жасалгалоо, убакытты туура пайдалануу, сабактарга даярдануу, өзүн өзү тарбиялоо, жан дүйнө байлыгын артыруу ж.б.) жана боюнча аңгемелешүүлөрдү, диспуттарды өткөрүшөт.