Тарыхы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде 1951- жылы Ош Мамлекеттик Педогогикалык Институту (азыркы Ош МУ) ачылганда,окуу жайынын курамында физика-математика факультети кошо уюштурулган. Факультетти жана кафедраны уюштуруунун жана калыптандыруунун башатында физика-математика илимдеринин кандидаттары, доценттер Ф.И.Половиков жана Шамгуновдордун салымы чоң.
Эксперименталдык жана теориялык физика (ЭТФ) кафедрасы 1965-жыл уюштурулган. Уюштурулган күндөн тартып 1985-жылга чейин кафедраны доцент Заитов Ф.Н., 1986-жылдан 1991-жылга чейин доцент Эгембердиев Ж., 1991-98- жылга чейин профессор Арапов Б.А., 1998-2007-жылга чейин доцент Усаров А.С. жетектешкен. 2007-жылдын сентябрь айынан, Кыргыз республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Россия федерациясынын табият таануу илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, ф.-м.и.д., профессор Байыш Арапов жетектөөдө.