Cтруктура факультета

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде жогорку квалификациялуу профессорлор жана окутуучулар эмгектенет жана факультет студенттерге инновациялык билим берүү максатын көздөйт жана азыркы учурда студенттерди окутууда Европа мамлекеттеринин жогорку билим берүү системасына ылайык окутуу процессин жаңылоо жолунда. Билим берүү программасы Болон процессинин идеологиясына жараша өнүктүрүлөт жана билим берүүдөгү реформа азыркы коомдун керектөөсүнө жараша багыт алган.

Факультеттин материалдык-техникалык жана окуу-усулдук жактан талаптагыдай жабдылышы профессордук-окутуучулук курам үчүн лингвистиканын жана котормонун акыркы жетишкендиктери менен кабардар болууга шарт түзүү менен окутуунун инновациялык усулдарын сабактарда колдонууга, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берүүдө.

Андан тышкары дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде Карьера бөлүмү тарабынан факультетке тапшырууну каалаган мектеп окуучулары жана иш берүүчүлөр ортосунда алгылыктуу иш-чаралар өткөрүлүп турат.

Ар жылы факультетти профориентациялоо максатында “Кышкы лагерь”, өткөрүлүп, анда ОшМУ жана факультет жөнүндө кеңири маалыматтар берилип, факультетке тапшыра турган мектеп бүтүүрүүчүлөрүнө туура кесипти тандоого туура багыт берилүүдө .